Биз менен байланышыңыз

Европа өлкөлөрүндө карантиндик чектөөлөргө каршы акция өттү

Дүйнө , Кыска кабар | 31 Авг 2020 | 460 | 0

Берлин жана Лондон шаарларында өкмөт киргизген карантиндик чектөөлөргө каршы акцияга миңдеген адам чыкты.

29-августта Берлинде өткөн жүрүшкө 38 миңден көп адам чыкты. Лондондун Трафальгар аянтында уюштурулган “Эркиндик үчүн биригели” акциясына миңдеген киши топтолду. Алардын арасында вакцинага каршы чыккандар жана коронавируска такыр ишенбегендер да болду.

Берлиндеги башаламандык учурунда 300дөй киши кармалды. Жүрүшкө чыккандар тартип коргоочуларды көздөй таш, бөтөлкө жана башка буюм-тайымдарды ыргытышты.

Германияда коронавируска 241 миңдей киши кабылып, алардын он миңдейи көз жумган.

Британияда акцияга чыккан эки киши кармалды. Ошондой эле Франциянын баш калаасы Парижде 200дөй адам беткап тагынууга каршы митингге чыгышты. Алар “балдарыбызга дем алууга уруксат бергиле” деп кыйкырышты.

Copyright © 2017 Maral FM