Биз менен байланышыңыз

Лондон: «Реформа» эң көп добуш алды

Кыска кабар | 5 Окт 2020 | 793 | 0

Улуу Британиянын Лондон шаарындагы шайлоо участкасында добуш берүү аяктап, жыйынтыгы жарыяланды. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы билдирди.

Социалдык тармакта тараган сүрөттөрдөн 100 шайлоочу катышканын көрүүгө болот. Алардын 29у «Реформага» добуш беришкен. Ошондой эле, «Ата Мекен» — 18, «Республика» — 13,  жана «Чоң Казат» партиясына 8 добуш берилген. Калган партиялар төрттөн кем добуш алган.

Кыргызстанда жалпы шайлоочулардын саны  — 3 млн 465 миң. Шайлоочулар үчүн жалпы 2474 добуш берүү участкасы уюштурулган. Анын 45и чет өлкөлөрдөгү дипломатиялык өкүлчүлүктөрдө жайгашкан.

Кыргызстанда парламенттик шайлоонун 23.20га карата алдын ала жыйынтыгы боюнча төмөнкү партиялар жети пайыздык босогодон өттү:

  • «Биримдик» — 24,53 пайыз;
  • «Мекеним Кыргызстан» — 23,90%;
  • «Кыргызстан» — 8,74%;
  • «Бүтүн Кыргызстан» 7,09%.

Copyright © 2017 Maral FM