Биз менен байланышыңыз

Мадумаров: Кандай болгон учурда да күрөштү улантабыз (видео)

Кыска кабар | 5 Окт 2020 | 1435 | 0

«Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясынын лидери Адахан Мадумаров шайлоонун жыйынтыгы боюнча маалымат берип, бул шайлоодо бийлик арамга аралашып кеткенин сынга алып, шайлоону өтө ыплас, өтө жалган, өз элине кыянаттык кылуу менен өткөргөндүгүн билдирди.

— «Мыйзам бузуулар ар бир кадам сайын болду. Бирок аны көзөмөлдөгөн же бийлик жок, же ошол жердеги жетекчилик жок. Биз «Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясы саныбызга эмес, сапатыбызга карайбыз. Аз сан менен өтсөк дагы, көздөгөн максатыбыздан кылдай кыйшайбайбыз. Чыркырап чындыкты айтып келгенбиз, айта беребиз. Кандайдыр бир келишимдер, көз кысып ымалалашуу деген сапаттар жок. Болгон эмес, болбойт дагы«, — деди Мадумаров өз кайрылуусунда.


Парламентке кимдер депутат болуп келет? (тизме)


Ошондой эле ал бийликке кайрылып, өз элине мындай кыянатчылык кылгандын түбү жакшылыкка алып келбей тургандыгын эскертти.

Мындан сырткары, айыл-айыл болуп, дүңүнөн эки күндүк акчага сатылып кеткен элдин келечегине тынчсызданганын айтты.

Сөзүнүн аягында: «Жогорку Кеңешке өттүк деп кубанып турган жокпуз», — деп, өкүнүч менен жылуу сезимдер аралашып турганын, бирок кайгыруу менен үмүтсүздүк көбүрөөк экендигин кошумчалады.

Copyright © 2017 Maral FM