Биз менен байланышыңыз

«Бир Бол» шайлоо тууралуу мыйзамга кол коюлбай жатканына кабатырланууда

Кыска кабар | 8 Ноя 2020 | 1327 | 0

«Бир Бол»  саясий партиясы шайлоо босогосун 3%га, шайлоо күрөөсүн 1 млн сомго төмөндөтүү жана «Форма-2ни» жоюу тууралуу Мыйзамга кол коюлбай жатканына кабатыр болууда. Бул тууралуу аталган партия өзүнүн «Фейсбуктагы» расмий баракчасына жарыялады.

«Бир Бол» партиясы шайлоо босогосунун жана күрөөсүнүн жогору болушу оппозициялык күчтөрдүн парламентке келүүсүнө тоскоолдук жаратып, өлкөдөгү туруксуз абалды күчөтөт деп эсептейт. Үстүбүздөгү жылдын октябрь айындагы таза эмес жана адилетсиз өткөн шайлоого каршы чыккан күчтөрдүн баары шайлоо мыйзамдарына дал ушундай өзгөрүүлөр кирүүсүн талап кылышкан. Шайлоо мыйзамдарын реформалоо тең салмактуулукту жана парламенттин көз карандысыз болуусун камсыз кылат«, — деп айтылат билдирүүдө.

Ошондой эле аталган партия мыйзамга кол коюлбай жатканы жарандык коом тарабынан парламентке прогрессивдүү күчтөрдүн келүүсүнө тоскоолдук жаратуу жана парламентти президенттик көзөмөлдөн чыгарбоо аракети катары кабыл алына турганын айткан.

Эске салсак, Борбордук шайлоо комиссиясы 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгаргандан кийин, 6-ноябрга чейин кайра шайлоо күнүн белгилей турганын айткан. 21-октябрда парламенттик кайра шайлоону 20-декабрга белгилеп, президенттик шайлоону 10-январда өткөрүү боюнча чечим кабыл алган.

Бирок 22-октябрда Жогорку Кеңеш «Парламенттик шайлоонун мөөнөтүн токтото туруу жөнүндө» мыйзам долбоорун үч окуудан кабыл алып, кийинки жылдын биринчи жарым жылынан кечиктирилбей өтөрүн белгилеген. Ошол эле күнү аталган мыйзамга президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров кол койгон.

Бирок, ошол эле күнү кабыл алынган «шайлоо босогосун 3%га, шайлоо күрөөсүн 1 млн сомго төмөндөтүү жана форма-2ни жоюу жөнүндө» Мыйзамга бүгүнкү күнгө чейин кол коюла элек.

Copyright © 2017 Maral FM