Биз менен байланышыңыз

Лондондо террордук топко шектүү атылып өлтүрүлдү

Дүйнө , Кыска кабар | 3 Фев 2020 | 519 | 0

Лондондун Стретем районунда көчөдө өтүп бара жаткандарга бычак менен кол салган адам бир жума мурун түрмөдөн бошотулган. The Guardian басылмасынын маалыматына караганда кылмышкер террордук аракети үчүн түрмөдө мөөнөтүн өтөгөн.

Басылманын айтканына караганда, кол салган адамдын аты – Судеш Амман. Ал 2018-жылы 18 жаш курагында терррористтик маалыматтарды тараткандыгы жана терракт даярдоого маалымат чогулткандыгы үчүн соттолгон. Амман террордук багыттагы кылмыштын 13 эпизоду боюнча күнөөсүн мойнуна алган.

Британ өкмөтүндөгү The Guardianдын булагы Амман түрмөдөгү 3 жылдык мөөнөтүнүн жарымын гана өтөп чыккан. Себеби бийликтин анын коркунучтуу экенине карабай, темир тордун артында кармоого мыйзамдуу жүйөлөрү болгон эмес

Ошондой эле Амман өзүнүн Вотсаптагы үй-бүлөлүк чатында террордук “Аль-Каида” тобунун маалыматтары менен бөлүшүп келген. Сүйлөшкөн кызына да экстремисттик маанайдагы видеолорду жөнөтүп, кызды ата-энесин өлтүрүүгө үгүттөгөн.

Дем алыш күнү саат 14-00дө жогоруда аты аталган адам Лондондун Стретем районунда ары-бери өткөндөргө бычак менен кол салган. Лондон полициясы муну исламизмге байланыштуу терракт деп эсептеди. Кол салуунун натыйжасында үч адам жабыркаган. Бычак тийген эркек кишинин абалы оор деп айтылууда. Ал эми жаракат алган эки аялдын абалы туруктуу. Болжолдуу түрдө аялдардын бири полиция аткан октон улам, айнектин сыныктарынан жабыркаган. Кылмышкер атылып өлтүрүлгөн.

Copyright © 2017 Maral FM