Биз менен байланышыңыз

Лондон Huaweiге 5G тармактарын орнотууга жол бербейт

Кыска кабар | 15 Июл 2020 | 631 | 0

Улуу Британия Кытайдын телекоммуникациялык жабдууларын чыгаруучу Huawei компаниясын өлкөдө 5G түйүндөрүн орнотуу ишинен четтетет. Британиянын Санариптештирүү министри Оливер Доудендин айтымында, 14-июлда уюлдук операторлор 2020-жылдын аягынан тартып аталган өндүрүүчүдөн телекоммуникациялык жабдууларды сатып ала албай калышат жана Huawei телекоммуникация тармактарынын буга чейин орнотулган бөлүктөрү 2027-жылга чейин тармактардан алынып салынышы керек. Бул тууралуу РБК жазды.

Huawei компаниясынын өкүлдөрү британ өкмөтүн 5G тармактарын түзүүдө иштеп жаткан жабдууларынан баш тартуу чечимин катуу сынга алышып, британ бийлигинин чечими Вашингтондун таасири астында деп айыпташты.

Өз кезегинде АКШнын Улуу Британиядагы элчиси Вуди Джон Британиянын өкмөтүн мындай кадамын «адилеттүү соода жана адам укуктары үчүн жеңиш» деп мүнөздөдү.

Франс Пресс агенттигинин айтымында, Британиянын уюлдук операторлору Huawei жабдууларын 20 жылдан бери колдонуп келишет. Ушул жылдын январында Улуу Британиянын өкмөтү Huawei компаниясына өлкөнүн 5G телекоммуникация тармагын түзүүгө катышууга уруксат берген. Бирок Британ бийлигинин бул чечимин АКШнын президенти Дональд Трамп кескин сынга алынып, Huawei колдонуучу маалыматтарын Кытай чалгындоо кызматтарына өткөрүп берет деп айткан.

Улуу Британиянын санариптештирүү министри Доудендин айтымында, Huawei компаниясын 5G түйүндөрүн түзүү боюнча иштен четтетүү чечимине АКШнын Кытайдын тынчсыздануусуна каршы ушул жылдын май айында киргизген санкциялары да таасирин тийгизген.

Доудендин айтымында, учурда Британия башка телекоммуникациялык компаниялар менен, тактап айтканда Түштүк Кореянын Samsung жана Япониянын NEC компаниялары менен 5G тармактарын өнүктүрүүгө катышуу үчүн сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат.

Copyright © 2017 Maral FM