Биз менен байланышыңыз

Brexit’тин айынан дүйнөдөгү эң ири компаниялар Лондондон Амстердамга көчүштү 

Дүйнө , Кыска кабар | 3 Июн 2020 | 629 | 0

Brexit’тин айынан дүйнөдөгү эң ири 100дөн ашуун компания Лондондон Амстердамга көчтү. Дагы 300дөй компания бул багытта Нидерландия өкмөтү менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат.

Британия Европа Бирлигинен 31-январда чыгып кетти. Өткөөл мезгил ушул жылдын аягына чейин уланат, анын жүрүшүндө тараптар келечектеги мамилелердин моделин макулдашууга мажбур болушат. Азыркы учурда бул жагынан эч кандай жылыш болгон жок. Бул тууралуу Орусиянын Нидерландиядагы соода өкүлү Андрей Макаров билдирди.

Анын айтымында, Лондонду таштап кеткен ири компаниялардын катарында  Sony, Panasonic, Discovery, Mitsubishi, Hitachi жана Canon компаниялары бар. Аталган компаниялар башкы кеңсесин Амстердамга көчүрүштү.

«Ошондой эле биз Амстердамга көчүп бараткан социалдык институттарды көрүп жатабыз. Мисалы, Европа медициналык агенттиги Лондондон Нидерландиянын борборуна көчүп кетти», — деди Макаров.

Анын баамында, Нидерландия Brexitтин айынан чыгымга учурап жатат. Анткени Нидерландиянын Британия менен тышкы экономикалык мамилелери ички дүң өнүмүнүн 7% түзөт.

«Ошондуктан Brexit фактору бир жагынан Нидерландиянын экономикасына зыян келтирип, экинчи жагынан ири компанияларга Нидерлиндиянын юрисдикциясына өтүп, жаңы жумушчу орундарын түзүп, салык төлөө үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү жаратат», — деди Макаров.

Copyright © 2017 Maral FM