Биз менен байланышыңыз

Бөрүбашев: Бийлик элди колдобой жатат

Кыска кабар , Пикирлер | 2 Июл 2019 | 682 | 0

Кыргызстанда президенттерди, депутаттарды эл шайлаган эмес. Мындай пикирин юридика илимдеринин доктору, профессор Бекбосун Бөрүбашев «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, шайлоого жакын парламентке келе турган депутаттар боюнча Ак үйдүн тизмеси түзүлүп калат. Ошондуктан, элде тандоо жок. Бийлик терс көрүнүштөрдүн баарын мыйзамдаштырып алат.

«Алсак, шайлоонун технологиясын гана өзгөртүшөт, бирок негизги принциптерин карашпайт. Мындан улам, бул жерде элди күнөөлөөгө каршымын. Бийлик эл менен эсептешпейт. Эл ким ичип-жеп алганын айтат, бирок бийлик аны колдобойт. Бийлик өзүнө керек болгондо гана — эки жумада экс-президенттин эсин оодарды. Андыктан, бүгүнкү күндүн кемчилиги көп. Бийликти, укукту толук узурпация кылды. Буга азыркы президент жооп бериши керек», — дейт Бөрүбашев.

Анын баамында, Кыргызстанда башкаруу системасы көп талкууга түшөт. Ак үйгө киргендер башкаруу системасын, ал эми кирбей калгандар курултайдын формасын талкуулашат.

«Башмыйзамда башкаруунун формасы жазылган эмес. Мамлекетти башкаруу мамлекеттик саясатты аныктоодон башталат. 2010-жылдан бери Башмыйзамда мамлекеттин ички жана сырткы саясатын аныктаган органды көрсөткөн эмеспиз. Ошондуктан, талаш маселе болуп жатат», — дейт Бөрүбашев.

Copyright © 2017 Maral FM