Өкмөт экономиканын тегерегинде иштебесе, кырдаал өзгөрүп, үчүнчү революция башталып кетиши ыктымал. Мындай пикирин саясатчы Ишенбай Кадырбеков «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.
Анын айтымында, экономика — саясаттын уландысы.
Күзүндө парламентик шайлоо болушу мүмкүн эмес. Себеби, президент Сооронбай Жээнбеков парламентти таратууга кызыкдар эмес. Андыктан, парламенттик шайлоо өз мөөнөтүндө, 2020-жылы болот.
Кадырбеков буга кошумча, өлкөнүн ички жана тышкы саясатын премьер-министрдин программасынын негизинде Жогорку Кеңеш бекитип берерин белгиледи. Ал эми өкмөт парламент бекитип берген программанын негизинде ишей турганын айтып өттү.