Биз менен байланышыңыз

Кадырбеков: Бийлик каалаган гана партия өтөт…

Күн чекит | 11 Ноя 2019 | 1692 | 0

Жогорку Кеңештин депутаттары — Исхак Масалиев, Жанарбек Акаев жана Рыскелди Момбеков сунуштап чыккан «депутаттарды шайлоо ыкмасын»  преференциалдуу кылуу боюнча тегерек стол болуп өттү. Ага эл өкүлдөрү, саясий партиялардын лидерлери жана жарандык активистер катышты. Биз бул теманын алкагында саясатчы Ишенбай Кадырбеков менен «Күн чекит» маалымат-талдоо программасында маек курдук.

Марал: Бүгүн Бишкекте шайлоо мыйзамдары жөнүндө жаңы ыкма сунушталды. Сиз дагы ал талкууга катыштыңыз. Негизи, преференциалдык шайлоо ыкмасы деген эмнени билдирет? Бул кандай ыкма?

-Бул — Конституцияда жазылган шайлоочулардын укугун реализациялоо мыйзамы. Конституцияда эмне деп жазылган? Кыргызстандын жараны өзүнүн   шайлоо укугунан пайдаланып, добушун өзү каалаган мыйзам чыгара турган эл өкүлүнө берет деген маселе. Бул жерде партияны эмес, депутатты шайлоо боюнча сөз болуп жатат. Мындан улам, бүгүнкү талкууда Конституцияда жазылган укугунан ажырап калган жарандардын жоготкон укугу тууралуу сөз болуп , мыйзамда партияны эле эмес, анын ичиндеги депутатка добуш берүү мыйзамы бар экени тууралуу айтылды. Ошон үчүн ушул нерсени кайрадан ордуна алып келүү үчүн, тизмени түзүп жатканда ким мандат алат? Ким канчанчы орунга турарын партиянын лидери чечпей, эл өзүнүн добушу менен чечсин деген ыкманы сунуш кылып жатат. Башкача айтканда, бул сунушту бирөө ойлоп чыга калган жок. Болгону бул — Конституциянын талабы. Тилекке каршы, Кыргызстанда шайлоочулар дал ошол шайлоо укугунан ажырап калган. Эми преференциалдык шайлоо деген эмне? Бул бюллетенде партиянын атынан сырткары, ошол партиядагы талапкерлердин аты-жөнү да айдан-ачык жазылып турушу керек. Себеби добуш берүүчүлөр карап, арасынан өзүлөрү каалаган талапкерге добушун бере алат. Андан соң, кайсы талапкер добушту элден көп ала алса, ошондо гана партиянын тизмесине алган добушуна жараша кезекке тура алат.

Марал: Бул ыкма менен 2020-жылдын парламенттик шайлоосу өттү дейли. Депутаттар арасында нааразычылыктар, пикир келишпестиктер келип чыкпайбы?

-Учурда барыбыз эле, бир мандаттуу округда депутаттарды шайлаган шайлоочулар болгон деп эстеп жатабыз. Ошондо парламентке накта элдин эл өкүлдөрү келген, алардын сапаты да башка болчу деп бүгүнкү күнгө чейин айтып келебиз. Ошондогу системаны эле биз кайра партиялыкка алып келип жатабыз. Маселен, 120 депутаттын тизмесин партиялар берет. Ал жерде эч кандай тизме жок болот. Бул нерсени эл аныктап, тагдырларын бычып берет. Эгерде, мен өзүмдүн талапкерлигимди коюп, бирок, партиянын ичинде жетишерлик добуш ала албай калсам, менде эмне үчүн таарыныч пайда болушу мүмкүн? Анда мен: «Демек, мен өз шайлоочуларыман добуш ала алган жокмун» деп жыйынтык чыгарышым керек

Марал: Бул сунуш канчалык колдоо табат деп ойлойсуз? Анткени буга чейин 9 пайыздык босого чек да маселе жараткан эле го?

-Бул маселенин көтөрүлгөнүнө 4 жылдай убакыт болуп калды. Өз кезегинде бул тууралуу Өмүрбек Текебаев маселе көтөрүп чыккан. Андан кийин Кулов баш болгон 19 депутат сунуш кылган. Анда биринчи окуудан өтүп, тилекке каршы, президент колдобой койгон. Бул жерде бардыгы айдан-ачык эле көрүнүп жатат, анда алардын парламентке өзүлөрүнүн кишисин алып келүү максаты барынан бийик турган да. Эл:»Биз каалаган адамдар парламентке келип, биз көтөргөн маселени колдосун, добуштарды беришсин» деген эле ойду айтып жатат да. Аларга деле ыңгайлуу болуп жатпайбы бир жагынан кандайдыр бир маселе көтөрүлсө, аны колдош да керек, ал эми, депутаттар унчукпай гана туруп колдоп берип коюшат. Бир сөз менен айтканда, парлмаментти колго алып коёлу деген эле кызыкчылык. Эн чоң коркунуч эл өзүлөрүнүн добуш берүүдөгү укугун бийликтелилерге тебелетип коюп жаткандыгында. Бүгүнкү талкуда саясатчылар, эл өкүлдөрү бул коркунуч акыры барып үчүнчү революцияны алып келиши толук мүмкүн деген ойлорун айтышты. Аны менен катар эле учурда парламентке жалаң гана олигархтар келип, бийлик аларды менчиктештирүү кылып жатат, элдин ою менен эч эсептешпей жатат деген бир катар нааразычылык ойлор арты-артынан айтылды. Анысына деле мейли, бирок, элге кызмат кылуу, кандайдыр бир план түзүү ойлорунда жок, болгону добуш берүүчү адамдарды гана алып барып, парламенттин креслосуна отургузуп коюп жатышат.

Марал: Шайлоодогу босого чекти тогуз пайыздан төмөндөтүү боюнча берилген сунуш коомдук талкууга коюлган. Анын өзгөрүүсүнө да үмүт барбы? Жарандар канчалык деңгээлде коомдук талкууга катышып, өз ойлорун билдирип жатышат?

-Бийлик дагы бул жерден өзүнүн келечегин ойлош керек. Эгерде күчтүү партиялар атаандаштыкка чыга турган болсо, бирөө дагы 9 пайыздык босого баллдан өтпөй калышы мүмкүн. 9 пайыздык босого балл деген эмне? Маселен, 2 млн шайлоочу катышса, 181 миң добуш алган партия гана өтө алат деген түшүнүк. 179 миң добуш алган партия, парламентке мандат албай калат да. Эгерде 14 же 15 партия катышып кала турган болсо, ошонун ичинен 1-2 партия гана өтүп калса, калганы сыртта мандаты жок калып жатпайбы. Парламенттин ичинде бүт саясий талкуулар, талаштар сыртта болбой, парламенттин ичинде болуш керек. Эгерде, сыртта болуп кала турган болсо, анда саясат көчөгө чыгат. Мына ушундай сыяктуу мисалдардан, кадамдардан бийлик коркушу керек да. Мейли, 1 гана партия өтө алсын, анда 65 гана мандат Конститутциянын негизинде колунда болуп калат. Же болбосо, бийлик 9 пайыздык босогонун негизинде өзүн уккан 2 партияны парламентке алып келсин, а калган күчтөр каякка барат? Бул кадамдан бийлик өзү коркушу керек. Бирок булардын жүрөгү тоо экен, бардык нерсени «өзүбүздүкү» кылып алабыз деп жатышат. Албетте, 9 пайыздык босого баллын өзгөртүш керек. Эгерде бийлик революцияны каалабаса, эл нааразычылык пикирин айтууну каалабаса, өзгөртүү керек. Бул жерде президент Сооронбай Жээнбеков макул болсо, бир түндө өзгөртүүгө болот. Эгер Жээнбеков кааласа, параламент кайда барат? Колдоп берет да!

Copyright © 2017 Maral FM