Биз менен байланышыңыз

Кадырбеков: «Кумтөр» боюнча үч айдан кийин баары белгилүү болот

Кыска кабар | 21 мая 2021 | 1144 | 0

Экс-депутат Ишенбай Кадырбеков парламенттин «Кумтөрдү» убактылуу тышкы башкарууга берген чечимин түшүнө албай жатканын белгиледи.

Анын пикиринде, Кыргызстан жакшы маселени көтөргөндөй болгону менен үч айдан кийин баары белгилүү болот. Аталган мөөнөт бат эле бүткөндүктөн, кандай гана чечим кабыл албасын, үч айдан кийин канадалык жетекчилер келип, жакпаган чечимдерди жокко чыгарып, аны аткарган жумушчуларды иштен бошотот.

«Биз бул маселени көтөргөндө, «экологиялык маселелер чечилип, ага тиешелүү каражат табылышы керек» деген ойлор көп айтылды. А бирок ошол жердеги экологияны ордуна алып келүү үчүн үч ай эмес, үч жыл эмес, 30 жылдай убакыт жана миллиарддаган доллар керек. Ал убакыттын ичинде бул маселени кантип чече алат, каражатты кайдан табат? Чындыгына келгенде, бул чечим мага түшүнүксүз болуп калды. Же бул жакка эмес, же тиги жакка эмес. Үч айдан кийин желибиз чыгат». 

Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов 18-майда «Кумтөр» кенинин жамаатына «Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коомунун убактылуу тышкы башкаруучусу Тенгиз Бөлтүрүктү тааныштырган. Маалым болгондой, Бөлтүрүктү бул кызматка Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду сунуштаган. Жогорку Кеӊештин 17-майда өткөн кезексиз жыйынында  депутаттар «Кумтөр» алтын кени убактылуу тышкы башкарууга берүү боюнча токтом кабыл алган.

Copyright © 2017 Maral FM