Президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө» мыйзамдын айрым ченемдерин колдонууну токтото туруу боюнча» мыйзамга кол койду. Ага ылайык, конституциялык реформаны өткөрүү аяктаганга чейин Жогорку Кеңештин депутаттарын кайра шайлоо токтотулду. Саясатчылар Кыргызстандагы башкаруу системасын же парламенттик, же президенттик кылып өзгөртүү үчүн референдум өткөрүү керектигин айтышууда. Мына ошол референдум кандай өткөрүлүшү керек, алдыда кененирээк токтолобуз.
Эреже боюнча мыйзам бир ай коомдук талкууга коюлушу керек, себеби жарандар мыйзамдарды талкууга жана аны кабыл алууга катышууга укуктуу. Бирок, кечээ парламенттин фракция лидерлери аталган мыйзамды демилгелеп, 2-3 сааттын ичинде үч окуудан кабыл алышты. Референдум өткөрүүдө депутаттар эки жүздүү болбой, ыплас оюндарды кылбай, популисттик кадамдарга барбай, мүмкүн болушунча түшүндүрүшү керектигин экономист, көз карандысыз серепчи Руслан Акматбек билдирди.
Анын айтымында, буга чейинки президенттер Акаев, Бакиев, Атамбаев жана Жээнбековдун башкаруусундагы тарткан азапты түшүндүрүү керек.
— Атамбаев менен Жээнбеков парламентти Президенттик Аппараттын кол аарчысы, башкача айтканда, юридикалык бөлүмү кылды. Эртең президенттик башкаруу кылсак, ушулардан эмнеси менен айырмаланат? Ушундай нерселерди элге ачык-айкын айтуу керек. Ошондой эле элдин тандоосуна коюу зарыл. Эл тандаган тарапка кетүү керек, бирок аны саясий оюн кылбай, өзүнүн кызыкчылыгын, бийлигин бекемдөөнү көздөбөй, жеткиликтүү түшүндүрүү кажет. Бул жерде жарандык коомго да көп түйшүк жаралат, — деди Акматбек.
Ошондой эле ал жарандык коомдун ушул учурда баалуулуктарды сактап калганга өзгөчө аракет кылышы керектигин кошумчалады.
Кечээги парламенттин референдум өткөрүүгө болгон алгачкы кадамын жана өкмөт башчы Садыр Жапаровдун дароо аталган мыйзамга кол коюшун саясат тануучу Эмил Жороев өтө опурталдуу жана мыйзамдык талааны кескин басып алуу деп атады.
Анын айтымында, конституциялык референдумдун буга чейин бир канчасы болгон, референдум — Кыргызстандын кырдаалында демократияга шайкеш келбеген ар кандай опурталдуу, кооптуу чоң демилгелерди оңой жол менен өткөрүп алуунун бир ыкмасы болуп калган.
— Азыр эми конституциялык мыйзамдын негизинде коюлган парламенттик шайлоону четке калтырып коюп, «референдумга барып, Конституцияны өзгөртөбүз» дегендери — кайсы бир деңгээлде туңгуюкка кептеп жатат. Биринчиден, парламенттин мөөнөтү бүткөн, легитимдүүлүгү суроо жаратат. Ага карабай, мыйзам ченемдүү боло турган шайлоолор четке сүрүлүп калды. Мындай кырдаалда референдум өткөрүүнү демилгелөөнүн эки эле жолу бар: эл тарабынан 300 миң элдин колун чогултуу керек; же парламенттин үчтөн экиси демилгелеши керек. Ал оңой дейли, парламентке эмне гана сунуш түшпөсүн, ураа-ураа менен колдоп жатышат. Мөөнөтү бүткөн парламенттин мындай опурталдуу демилгелерди көтөрүп чыгуусу — легитимсиз. Конституцияны өзгөртөбүз дегендин аркасында чоң кызыкчылыктар бар. Депутаттардын санын 120дан азайталы деген негизги маселе эмес. Башмыйзамды өзгөртүүдөгү негизги маселе албетте, башкаруу системасын кайра карап чыгууга жол ачып жатат. Азыркы өкмөт башчынын: «Президенттик башкарууга кайра кайтышыбыз керек», — деп айткан сөзү бар. Демек, биринчи орунда президенттик бийликке кайтуу турат, — деди Жороев.
Мындан сырткары, Жороев депутат Өмүрбек Текебаев башында турган экинчи бир тарап президенттин укуктарын кескин азайтып, парламенттик башкарууга келебиз деп жатканын, андыктан бири-бирине карама-каршы эки позиция бирге болуусу мүмкүн эмес экенин, кайсы позиция ута турганын айтуу оңойго турбасын кошумчалады.
Боршайкомдун мурдагы мүчөсү, экс-депутат Ишенбай Кадырбеков парламент референдум өткөрө албасын эскертти. Анын айтымында, референдум менен Конституцияны өзгөртүү эрежеси Башмыйзамдын өзүндө бекитилген. Анда жазылган 114-берененин негизинде Конституцияны өзгөртүү мыйзамын Жогорку Кеңеш кабыл алышы керек.
— Эгерде парламентке ошондой мыйзам түшсө, ал алты айдан кийин үч окууда каралат. Ар бир окуунун ортосунда эки айдан кем эмес убакыт керек. Ошентип 10 айга кирип кетип жатат. Андан кийин үчтөн эки добуш менен Жогорку Кеңеш референдум өткөрүү боюнча элге кайрылат. 28-октябрда Жогорку Кеңештин мөөнөтү бүтүп, башкача айтканда, парламент тарайт. Жогорку Кеңешти жаңы шайлоо болбогондон кийин, Кыргызстанда парламент деген түшүнүк жок болот. Мыйзамды кабыл алуучу күч болбой калат. Экинчиси, шайлоо да, референдум да болбойт, бүт бийлик бир кишинин колуна өтөт, — деди Кадырбеков.
Ошол эле учурда ал референдумдун, Конституцияга өзгөртүү киргизүүнүн жолун так билген Өмүрбек Текебаевдин референдумга макул болгон чечимине таң калып турганын, «Эмне себептен «Башмыйзамдын атасы» Конституцияны көңүлүнө алган жок?» деген күмөндүү ой жаралганын жашырбады.
Эгерде эки мыйзам бир-бири менен айкалышпай, карама-каршы келип калса, анда улуу мыйзам күчүнө кирет. Ошентип кечээ кабыл алынган мыйзам Конституцияга карама-каршы келгендиктен, күчүнө кирбей, тактап айтканда, иштебей калат.