Биз менен байланышыңыз

Бөрүбашев: Саясий системанын адилетсиздигине күбө болдук

Кыска кабар , Пикирлер | 2 Июл 2019 | 884 | 0

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин мисалы менен саясий системанын адилетсиздигине, начарлыгына күбө болуп жатабыз. Мындай пикирин юридика илимдеринин доктору, профессор Бекбосун Бөрүбашев «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, 2010-жылы Башмыйзам башаламан кабыл алынган. Бүгүнкү системаны убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү түзгөн. Алар бардык бийлик бутактарын таратып, колго алышкан. Мындан улам, жалгыз гана Атамбаевди күнөөлөгөн болбойт.

Экс-президент Роза Отунбаева да тунгуч президент Аскар Акаевдин, мурдагы өлкө башчы Курманбек Бакиевдин убагында иштеп, Атамбаевди бийликке алып келген. Андыктан, күнөөнү бир кишиге оодара салуу саясий маданияттын төмөндүгүнөн кабар берет.

Белгилей кетсек, Отунбаева акыркы окуялар тууралуу пикирин билдирип, Атамбаевдин акыркы сөздөрүнө жана Кой-Таш айылында болуп жаткан окуяларга карата катуу сын айткан.

Роза Отунбаева Атамбаевге байланыштуу окуялар тууралуу үн катты

Copyright © 2017 Maral FM