Биз менен байланышыңыз

Роза Отунбаева Атамбаевге байланыштуу окуялар тууралуу үн катты

Кыска кабар | 1 Июл 2019 | 915 | 0

Кыргызстандын экс-президенти Роза Отунбаева мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин айланасындагы акыркы окуялар тууралуу кенен пикир билдирди.

Отунбаеванын билдирүүсүндө Атамбаевдин акыркы сөздөрүнө жана Кой-Таш айылында болуп жаткан окуяларга карата катуу сындар айтылган.

Кол тийбестик макамынан ажыраган Атамбаевдин куралдуу каршылык көрсөтөм дегенин Отунбаева саясий кудуретсиздик катары сыпаттаган.

«Аялдардан, карылардан жана жаш жигиттерден айланасына чеп куруп алып, тергөө-иликтөө үчүн келишсе, куралдуу каршылык көрсөтөм деп жатат. Муну өзү оппозициялык ишмердик жана жеке эрдик катары кабыл алууда. А чындыгында бул анын саясий кудуретсиздигин жана адамдык жактан алсыздыгын көрсөтөт», — деп айтылат Роза Отунбаеванын билдирүүсүндө.

Азыркы бийликти «бакиевдики» деп атоо менен Атамбаев өлкөнү аймактарга бөлгүсү келгендигин Роза Отунбаева өз билдирүүсүндө айткан.

Copyright © 2017 Maral FM