Биз менен байланышыңыз

Кой-Ташта сууга аккан адамды издөө уланат

Кыска кабар | 1 Июл 2019 | 520 | 0

Чүй облусундагы Аламүдүн районунун Кой-Таш айылындагы дарыяга түшүп кеткен жаранды издөө иши уланат.

Кечээ издөө иштерине 62 куткаруучу тартылып, жыйынтык болгон эмес. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

1993-жылы туулган Б. С. аттуу адам кечээ сууга агып кеткен. Аны издөө үчүн Бишкек шаардык башкармалыгынан 20, Суучулдар борборунан 4, Бишкек шаардык башкармалыгынын Куткаруу кызматынан 4 кызматкер тартылган.

Copyright © 2017 Maral FM