Биз менен байланышыңыз

Жаачы Бактыбек Шейшембаев «Кошпендилер ааламы» этно-оюндарында чемпион болду

Кыска кабар , Спорт | 29 Июн 2019 | 501 | 0

Кыргызстандык жаачы Бактыбек Шейшембаев Казакстанда өткөн «Кошпендилер ааламы» эл аралык этно-оюндарында жерден туруп жаа атуу боюнча чемпион болуп, алтын медал тагынды.

Бул тууралуу өлкөнүн Салбуурун федерациясынын президенти Алмазбек Акунов “Маралга” билдирди.

Анын айтымында, мекендешибиз «Шонко» каймана аты бар Бактыбек Шейшембаев 12 өлкөдөн келишкен 30 жаачынын ичинен мыкты болуп чыккан.

Эл аралык этно-оюндар Нур-Султан (Астана) шаарында 26-июнь күнү башталып, бүгүн жыйынтыкталды.

Copyright © 2017 Maral FM