Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда «Kazakh Exportтун» өкүлчүлүгү ачылат

Кыска кабар | 22 Авг 2019 | 484 | 0

21-августта Нур-Султан шаарында Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков «Kazakh Export» башкармалыгынын төрагасы Руслан Искаков менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат департаменти билдирди.

Жолугушуу Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы соода-экономикалык байланыштарды мындан ары өнүктүрүү маселелерине арналды.

Айдарбеков кыргыз-казак мамлекеттер аралык мамилелер жөнүндө кыскача айтып, экспортко багытталган өндүрүштү өнүктүрүүгө, даяр продукцияны башка өлкөлөргө экспорттоо үчүн биргелешкен ишканаларды түзүүгө токтолду.

Өз кезегинде Искаков «Kazakh Exportтун» учурдагы ишмердүүлүгү жөнүндө маалымат берип, өз ара пайдалуу кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө даяр экендигин белгиледи.

Тараптар ушул жылдын аягына чейин Кыргызстанда «Kazakh Exportтун» өкүлчүлүгүн ачууну макулдашышты.

Copyright © 2017 Maral FM