Биз менен байланышыңыз

ЕАЭБ жөнүндө келишимдин Кыргызстан тарабынан колдонулушу боюнча протоколго өзгөртүү киргизилди

Кыска кабар | 28 Янв 2020 | 383 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков «2019-жылдын 29-майында Нур-Султан шаарында кол коюлган, 2015-жылдын 8-майында кол коюлган 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге Кыргызстандын кошулуусуна байланыштуу 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимдин, Евразия экономикалык бирлигинин укугуна кирген айрым эл аралык келишимдердин жана Евразия экономикалык бирлигинин органдарынын актыларынын Кыргызстан тарабынан колдонулушу боюнча шарттар жана өткөөл жоболор тууралуу протоколго өзгөртүү киргизүү жөнүндө протоколду ратификациялоо тууралуу» мыйзамга кол койду.

Мыйзам Жогорку Кеңеши тарабынан 2019-жылдын 26-декабрында кабыл алынган.

Аталган Мыйзамга ылайык, Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Евразия экономикалык комиссиясына көрсөтүлгөн Протоколдун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргызстан тарабынан аткарылганы жөнүндө кабарлоого тийиш.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Copyright © 2017 Maral FM