Биз менен байланышыңыз

Лейлектеги чек арачылар аткез жүктү колго түшүрдү

Кыска кабар | 29 Июн 2019 | 450 | 0

Баткендин Лейлек районунда 34 жаштагы кыргызстандык А.С. аттуу жаран мыйзамсыз жол менен 5 тонна салмактагы коон-дарбыз алып баратып кармалды. Мындай маалыматты Чек ара кызматынын коомчулук менен байланыш бөлүмү билдирди.

Ал «Мercedes-Atego» унаасы менен коштоочу документтери жок товарын чек ара көзөмөлү жок жерден Кыргызстанга алып өтүүгө аракет кылган. Окуя боюнча тиешелүү документтер толтурулуп, кармалган жаран товары менен Бажы кызматынын аймактык бөлүмүнө өткөрүлүп берилген.

Copyright © 2017 Maral FM