Биз менен байланышыңыз

Америка Кубогу: Учурдагы чемпион Чили курамасы жарым финалда

Кыска кабар , Спорт | 29 Июн 2019 | 575 | 0

Футбол боюнча Бразилияда өтүп жаткан Америка Кубогу мелдешинде Чили курамасы жарым финалга чыкты. Чейрек финалдык баскычта учурдагы чемпиондор Колумбия курамасын утуп алды.

Негизги бөлүк жана кошумча берилген 15 мүнөттүк эки тайм тең 0:0 болуп аяктады.

Беттештин тагдырын пенальтилер сериясы аныктады.

11 метрлик аралыктан тебүүдө Чили футболчулары мыкты чыгышып, 4:5 эсебинде утуп кетишти. Муну менен алар Бразиля, Аргентина курамаларынан кийин жарым финалга жолдомо алды.

Эми бүгүн Уругвай — Перу курамаларынын жеңүүчүсү жарым финалда Чилиге атаандаш болот.

Copyright © 2017 Maral FM