Биз менен байланышыңыз

«Профсоюздар федерациясынын төрагасы легитимсиз шайланган»

Коом | 28 Июн 2019 | 1000 | 0

Профсоюздар федерациясынын төрагасы Мирбек Асанакунов легитимсиз шайланган. Мындай пикирин турмуш-тиричилик кызматкерлеринин профсоюздук комитетинин төрагасынын орун басары Эдил Тыныстанов айтып чыкты. Анын айтымында, буга чейин эки инстанцияда тең анын шайланганы легитимсиз болгон делгени менен, азыркы учурга чейин ал кызмат ордунда отурат. «Буга анын жубайы, эл өкүлү Гүлкан Молдобекованын түздөн-түз таасири болушу мүмкүн», — деген шектенүүлөр бар. Ал эми экинчи тарап буга кандай жооп берет? Тармактык комитетти жетектеп турган депутаттын мында таасири барбы? Шайлоо эмне үчүн легитимсиз болгон? Бул боюнча эки тараптын пикирин угуп көрдүк.

3 жылдан бери токтобой келген Профсоюздар федерациясынын айланасындагы маселе дагы көтөрүлдү. Бул ирет Профсоюздук комитеттин төрагасынын орун басары Эдил Тыныстанов жана анын адвокаты Анара Кыштобаева: «2017-жылы Профсоюздар федерациясынын төрагасын шайлоо легитимсиз болгонуна карабай, төрага Мирбек Асанакунов азыркы учурга чейин кызматында отурат», — деп айыптап чыгышты. Алардын айтымында, Мирбек Асанакуновдун документтери жасалма болгон жана ал уставдык талаптарга жооп берген эмес. Анын шайланышы легитимсиз болгонун эки соттук инстанцияда тең аныкталганы менен, азыркы учурда ишти Жогорку Сот карап жатат. Андан бери соттук отурумдар жылдырылып, эми 1-июлда каралмай болду. Бирок адилет чечим чыгарынан күмөн санаган адвокат Анара Кыштобаева президентке кайрылуу жасады.

— Урматтуу, президент! Коррупция менен күрөшүүдө зор аракеттер көрүлүп жатат. Биздин Сизге кайрылуубуздун себеби, Профсоюздар федерациясынын айланасындагы болуп жаткан мыйзамсыз иштерге көңүл бурууңузду суранабыз. Анткени, федерациянын төрагасы Мирбек Асанакунов жана анын жубайы депутат Гүлкан Молдобекова  мыйзамсыз иштерди жасап жатышат. Бул ишти жеке көзөмөлүңүзгө алууңузду суранабыз.

2017-жылы шайлоого атаандаш талапкер катары катышкан Эдил Тыныстановдун айтымында, Мирбек Асанакуновдун документтери жасалма болгон. «Эмгек китепчеси да жок», — дейт Тыныстанов.

Эгерде Кыргызстандын Гиннес китеби болсо, Мирбек Асанакунов эмгек китепчеси жок төрага болгон жалгыз киши катары катталмак. Бир гана Кыргызстанда эмес, мурдагы Советтер Союзунун курамындагы өлкөлөрдүн ичинен да жасалма документ менен төрага болгон жалгыз киши катары тарыхта калмак. 

Нааразычылыгын билдирип жаткандар төраганын ушул убакытка чейин кызматында отурганына, соттун отуруму улам жылып жатканына анын жубайы, Жогорку Кеңештин депутаты Гүлкан Молдобекованын түздөн-түз тиешеси бар деп эсептешет. Анткени, ушул маселе көтөрүлүп жатканда Жогорку Кеңеште профсоюздар боюнча жаңы мыйзам долбоору каралып жаткан. Анда милдеттүү 5 жылдык тажрыйбаны алып салуу демилгеленген. Бул мыйзамды өткөрүүдө да комитеттин төрайымы катары депутат Гүлкан Молдобекованын таасири болушу мүмкүн деген шектенүүлөрүн айтышат. Мындан улам, биз депутаттын өзүнө кайрылдык. Ал: «Айтылып жаткан айыптоолор чындыкка жатпайт», — деп, буларга токтолду:

— Мыйзамга ылайык, ишенбөөчүлүк көрсөтүүнү алар өздөрүнүн кеңешинде эле чечип коюшса болот. Бирок ушул убакытка чейин 3 жолу отурум болуп, бир пикирге келише алган эмес. Мына жакында эле отуруму болду, анда да жетиштүү добуш топтой алышкан жок. Ал эми сотторго кийлигишти дегени боюнча айтсам, андай болушу мүмкүн эмес. Мыйзам долбоору боюнча болсо, аны мен демилгелеген эмесмин. Ал комитеттен өткөн учурда да анын кабыл алынышы үчүн 120 депутаттын добушу керек.

Төраганын шайланышына байланыштуу нааразычылыктар буга чейин эле болуп келген. Профсоюздар федерациясынын кеңешинин мүчөсү Канат Осмоновдун айтымында, ал талапкер катары өкмөттөгү айрым кишилер тарабынан көрсөтүлүп, шайланган. «Ал эми кеңештин отурумунда ага ишенбөөчүлүк көрсөтүүдө коркутуулар болгон», — дейт.

— Биз ишенбөөчүлүк көрсөтүү боюнча 3 жолу отурум өткөрдүк. Ачыгын айтканда, коркутуп, үркүтүүлөр болду. Мисалы, биринчи отурум башталардан мурда жалган жалаа менен мени иш ордуман колума кишен салып, милиция алып кетти. Сүйлөшүп койгондор да болушу мүмкүн. Ачыгын айтканда, добуш берүүдө коркуткандар болду. Акыркы отурумда көбү добуш бергени менен 3 добуш жетпей калды.

Белгилей кетсек, Профсоюздар федерациясынын төрагасы Мирбек Асанакуновдун өзүнөн жооп алууга мүмкүн болгон жок. Маалыматка ылайык, анын ишин Жогорку Сот 1-июлда карайт.

Copyright © 2017 Maral FM