Биз менен байланышыңыз

Профсоюз башчысы Асанакунов мушташып, милицияга алынып келинди

Кыска кабар | 12 Мар 2020 | 1835 | 0

Бүгүн, 12-мартта Бишкектеги Профсоюздар үйүндө мекеменин башчысы Мирбек Асанакунов менен белгисиз адамдардын ортосунда мушташ болду.

Милициянын алдын ала берген маалыматы боюнча менчик күзөт кызматынын өкүлдөрү Асанакуновду Профсоюздар үйүнүн имаратына киргизбей коюшкан. Мындан улам ортодо мушташ чыккан.

Учурда чырдын бардык катышуучулары Биринчи май райондук милициясына алынып келинген. Териштирүү иши жүрүп жатат.

Буга чейин Мирбек Асанакунов менен федерациянын айрым мүчөлөрүнүн ортосунда чыр чыккан. Алар башчыны кызматтан кетүүсүн талап кылышып, кеңеш өткөрүшкөн. Асанакунов болсо, мындай жыйын өткөрүүнү жана анын жыйынтыгын мыйзамсыз деп эсептеп келет.

Copyright © 2017 Maral FM