Биз менен байланышыңыз

Ысык-Көлдөгү мушташта башына таш тийген баланын тагдыры коркунучта

Коом , Кыска кабар | 15 Апр 2021 | 1678 | 0

9-апрелден 10-апрелге караган түнү Каракол шаардык ички иштер башкармалыгынын нөөмөт бөлүмүнө Ысык-Көл облустук ооруканасынан мээси чайкалган өспүрүм Али Оболбековдун оор абалда келип түшкөнүн кабарлашкан.

Маалым болгондой, 9-апрелде Али Оболбеков достору менен Кашка-Суу кичи районундагы футбол аянтчасына топ ойноо үчүн барышкан. Ошол маалда коңшу айылдан да бир топ жигиттер келип, баланы бери чакырышкан. Ал тигилерге келгенде, арасынан бири таш менен башка уруп, качып кеткен. Жабыркаган баланы достору аймактык оорукананын травмотология бөлүмүнө жеткиришкен. Ал жерден чукул операция зарыл болгондуктан, Алини эне-атасы Бишкек шаарына алып келишкен.

Окуяга бир жума болсо да, Каракол шаардык милициясы Алини сабагандарды алиге таба электигин айткан апасы Айсулуу Орозбаева укук коргоо органдарынын ишине нааразы болуп келет. Апасынын айтымында, Алиге операция жасалган, бирок жакшы кыймылдай албай, сүйлөй албай, өз алдынча тамактана албай жатат. Андыктан чыныгы кылмышкер табылып, жазага тартылышын, адилет, калыс чечим чыгышын каалайт.

«Азыркы учурда дарыгерлер: «Балаңыз башына аябай оор жаракат алды, дагы көпкө дарыланып турасыңар», — деп айтып жатышат. Бул аз келгенсип, балам эми сабак да окуй албайт экен; оор жумуш жасай албайт экен; күн бүркөөдө да, күн ачуу тийгенде да жүрө албайт экен. Баламдын бактысына, келечегине чоң балта чабышты. Учурда мыйзамдуу акыйкат жок болуп жатат. Менин талабым бир эле: калыстык менен мыйзамдын негизинде бул ишти аягына чейин жеткирип беришсин. Эгерде милиция ошол убакытта мушташ болгон жерге реакция кылып, жетип барышса, балким балам аман калмак», — деди Орозбаева.

Оболбековдун апасы тергөөчүлөрдүн бул ишке шалаакы мамиле жасап жатканына кейийт. Себеби мушташты уюштургандардын ата-энелери Караколдогу тергөөчүлөргө туура эмес маалымат берип, күнөөлөрүн өз мойнуна албай жаткан кези.

«Менин баламды сабаган, мушташка катышкан баланын ата-энеси ооруканага келип кетти. Операция күнү биз сарсаана болуп, Кудайдан баламдын аманчылыгын тилеп отурсак, алар келип алышып, ызы-чуу салып, бизге одоно мамиле кылышты. Мен балама эптеп тамак берип жатканымды көрүп калышып, тергөөчүлөргө: «Баланын абалы сонун, тамак ичип жүрөт, жакшынакай эле», — деп жеткирип барышыптыр». 

Окуя боюнча кененирээк маалымат алуу максатында Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынын жетекчиси Сталбек Усубакуновго кайрылдык. Анын айтымында, шаардык милицияга 8 өспүрүм мыйзамдуу өкүлдөрү менен кошо чакырылып, окуянын жагдайын аныктоо үчүн суракка алынган. Тергөөнүн жүрүшүндө өспүрүмдөр арасындагы уруштун уюштуруучулары аныкталды. Алар Ак-Суу районунун Таш-Кыя айылынын тургундары 16 жаштагы жана 15 жаштагы өспүрүмдөр болуп чыкты. Экөөнүн эне-атасына «шектенүү жөнүндө» кабарлама берилип, өспүрүмдөр 24 саатка убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

«Өспүрүмдөрдүн ата-энесине сотко чейин өндүрүштүн алкагында шектүү катары өтүп жатканы боюнча кабарлама берилди. Алар жаш өспүрүмдөр болгон соң, 24 саатка Каракол шаарынын ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Сот тарабынан баш коргоо чарасы 24 сааттан кийин кабыл алынып, алар үй камагына чыгарылды. Жабыркаган бала өзүн жакшы сезип, ооруканадан чыгарылганда, суракка чакырылып, өз көрсөтмөсүн берет, андан кийин шектелген балдар да көрсөтмөлөрүн берип, уруштун себептери аныкталып, сот тарабынан чечим чыгарылат. Ошондо анан, 266-берене «ээнбаштык» башка беренеге квалификацияланат», — деди Усубакунов.

Жабырлануучу Али Оболбековго операция жасаган Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун нейрохирургия бөлүмүнүн башчысы Бакытбек Карачев  баланын каракушунун 3,5-4 см жери сынып, мээни тепчип калганын айтат.

«Баланы томографияга тартканда, каракуш жагынан 3,4-4 см жери сынып, мээни тепчип калганы аныкталган. Ошол себептен биз балага чоң операция жасадык. Ошол жерде эзилип, сынып калган мээге кирген сөөктөрдүн баарын тазалап, операция жасаганбыз. Азыр баланын абалы бир аз оңолуп, тамак ичип баштады. Бул өтө оор жаракат, аны менен кээ бир балдар эмес, чоң кишилер да өзүнө келбей өтүп кетиши мүмкүн. Азыр колдон келген жардамды көрсөтүп жатабыз. Кийинчерээк күтүүсүз учурлар кездешип калышы мүмкүн, анын эң опурдалдуусу, талма оорусу болуп калышы ыктымал. Ушундай учурлар баланын ден соолугуна терс таасир тийгизип коюшу мүмкүн. Бала дайыма дарыгерлер менен байланышта болуп, өзүн жакшы карашы керек», – деди Карачев.

Аталган факты Каракол шаардык ички иштер бөлүмү тарабынан Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 266-беренеси «ээнбаштык» менен катталып, сотко чейинки өндүрүш башталган. Ошондой эле жабырлануучуга алган жаракаттардын оордугун аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Али Оболбеков операциядан жаңы чыкканына байланыштуу сотко чейинки өндүрүштүн алкагында суракка алууга мүмкүнчүлүк болбой жатат. Бала өзүн жакшы сезип, ооруканадан чыгарылганда сурак жүргүзүлүп, шектүү балдар өзүнүн көрсөтмөлөрүн берип, күбөлөрдүн да көрсөтмөлөрүнүн негизинде уруштун себептери аныкталат, андан кийин тергөөчүлөрдүн токтому чыгарылат.

Copyright © 2017 Maral FM