Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда муниципалдык жана мамлекеттик кызматкерлердин укугу көп бузулат

Коом | 9 Окт 2018 | 1663 | 0

7-октябрь-татыктуу эмгек үчүн иш-аракеттердин Бүткүл дүйнөлүк күнү. Буга карата Кыргызстан профсоюздар федерациясы «татыктуу эмгек» аталышында ачык эшик акциясын уюштурду. Иш-чаранын алкагында шаар тургундары эмгек кодексине байланыштуу каалаган суроолоруна жооп алышты.

Бишкек шаарынын тургуну Сейдимкан Камбарова Өкмөткө караштуу курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинде алты жылдан бери иштейт. Үстүбүздөгү жылдын жай айларында жумушунан бир айга камсыздандырылбаган эмгек өргүсүн алууда талаштуу маселе жаралган. Дал ушул суроонун мыйзамдуу жолдорун так билүү үчүн «татыктуу эмгек» аталышында ачык эшик акциясына катышты.

-Мага бир айга акы төлөнбөгөн эмгек өргүү керек болуп калды. Эжем ооруп, аны караган киши жок болчу. Ошондо жетекчилик менен пикир келишпестиктер жана талашуу болду. Бирок жагдайымды акырында түшүнүшүп, бир айга уруксат беришти. Бирок ушул кырдаалды мыйзамдын чегинде кандай чечилүүсүн бышыктап билүү үчүн ацияга келдим. Бул акция жарандар үчүн абдан пайдалуу. Буга чейин профсоюзга кайрылып турчумун.

Мамлекеттик кызматкердин суроосуна юрист Айнура Өмүрова өз убагында кеңеш берип, мыйзамдын чегинде чечүү жолдорун айтып берди. Ал камсыздандырылбаган эмгек өргүүсү кандай учурлар берилиши керектигин төмөндөгүчө айтты:

— Камсыздандырылбаган эмгек өргүүсү жумушчунун берген арызына жараша болот. Ал эми иш берүүчү өзүнүн демилгеси менен акы төлөнбөгөн эмгек өргүүсүнө жиберүүгө акысы жок. Көпчүлүк учурда канча күнгө керек болгонун жумушчулар өздөрү арызга жазат. Эгерде жүйөөлүү себеби болбосо, анды иш берүүчү жибере албайт. Арызда сөзсүз жүйөөлүү себеби көрсөтүлүүгө тийиш. Мисалы, жакыны ооруп аны карай турган болсо, үй-бүлөсү менен бир жака кетсе болот.

Кыргызстанда кызматкерлердин эмгек укугун коргоого көңүл бурулуп келет. Айтсак, жыл сайын 7-октябрь Татыктуу эмгек үчүн профсоюздар ишмердүүлүгүнүн дүйнөлүк күнү белгиленет. Бул 2008-жылдан тарта дүйнөнүн 130дан ашуун мамлекеттинде майрамдалат. Аталган күн 2007-жылдын декабрында Эл аралык профсоюздар конфедерациясынын Башкы кеңешинин үчүнчү жыйынында кабыл алынган. Буга карата Кыргызстанда «Татыктуу эмгек» аталышында ачык эшик акциясы уюштурулган.

Өлкөдө жарандардын эмгек укугу негизинен келишим түзүлбөгөн, эмгек акынын өз убагында төлөнүп берилбеген учурларда бузулуп келет. Бул тууралуу Кыргызстан профсоюздар федерациясынын төрагасынын орун басары Рыскүл Бабаева билдирди.

-Жумушчулардын укугу эки жактуу бухгалтерияны жүргүзүү, эмгек өргүүсүн төлөп бербөө келишимде көрсөтүлбөгөн кошумча иштерди аткартуу, иш берүүчүлөр тарабынан кысмакка алуу сыяктуу түрдө бузулат. Татыктуу эмгек үчүн күрөш алкагында дүйнөлүк профсоюздар иштеген аялдардын, жаштардын иш менен камсыздалышы, бейформал тармак жумушчуларынын көйгөйлөрүн чечүүнү талап кылат.

Профсоюздар федерациясынын эмгектин техникалык инспектору Жеңишбек Казакпаев өлкөдө эмгек келишимин түзбөй иштеген жумушчулар көп дейт. Анын кесепетинен жарандар өндүрүштүк кырсыктарга кабылганда камсыздандыруу сыяктуу жардамдарга ээ боло албай жатканын белгиледи.

Жарандар жөн күндөрү профсоюзга кайрылышпайт. Качан гана жумушчу курулушта иштеп кырсыкка кабылса, бизге кайрылып келишет. Алар балам же күйөөм кырсыкка кабылып, иштеген жеринен камсыздандыруу акчасын төлөп бербей жатат дешет. Мунун баары эмгек келишимдин жоктугунан маселе жаратып, чечүүгө тоскоол жаратат. Бирок биз мыйзам жагынан кеңеш берип, жардам кылабыз.

Кошумчалай кетсек, адистер көбүнчө мамлекеттик органдарда жана муниципалдык кызматтарда иштеген жумушчулардын эмгек укугу көбүрөөк бузулаарын белгилейт. Буга мекеме жетекчилердин бат-баттан алмашуусу жана оптимизация маселеси себеп болуп келет.

Copyright © 2017 Maral FM