2-октябрда Жогорку Кеӊеште «Кесиптик кошуундар жөнүндө» мыйзам долбоору каралды. Талкуу учурунда көптөгөн талаш-тартыш маселелер пайда болуп, «Профсоюздардын ишмердүүлүгү боюнча маалыматтар ачык-айкын болбогондуктан, ич ара тирешүү, чыӊалуу болуп жатат», — деген да пикирлер айтылды.
Тармактык комитеттин төрагасынын орун басары Алмазбек Токторов «Кесиптик кошуундар жөнүндө» мыйзам жыйырма жыл мурда кабыл алынгандыктан, азыркы учурдун талаптарына толук жооп бербей калганын баса белгиледи. Ошондой эле, кесиптик кошуундардын иш-аракетин талдоонун жыйынтыгы көптөгөн көйгөйлөрдүн бар экендигин көрсөткөнүн, алардын иш-аракетинде бирдиктүү саясат болбой жатканын айтты.
— Кесиптик кошуундар өзүнүн тарыхы бар, турмушта ээлеген орду бар коомдук уюмдардын бири болуп саналат. Ошондон улам, жаӊы мыйзам долбоору иштелип чыгып, кесиптик кошуундардын укуктары менен ыйгарым укуктары кыйла такталып берилди. Кесиптик кошуундардын борбордук бирикмеси тармактык жана аймактык кошуундар менен ырааттуу иш жүргүзбөйт, кошуундар менен алардын мүчөлөрүнүн кабыл алынган чечимдер үчүн жоопкерчилиги жок.
Муну менен катар, иш берүүчүлөр менен кызматкерлердин ортосунда коомдук пикир алышуу начарлап баратканы белгиленди. Мындай абал коомдогу туруктуулукка терс таасирин тийгизүүдө. Мындан тышкары, мыйзам долбоорунда кесиптик кошуундардын уставына карата милдеттүү талаптарды бекемдөө, алардын укуктарын конкреттештирүү жолдору сунушталууда.
Ал эми кесиптик кошуундардын өкүлдөрү көз карандысыздыкка доо кетип жатканын айтышып, аталган мыйзам долбооруна каршылык көрсөтүшүүдө.
Кыргызстан профсоюздар федерациясынын орун басары Рысгүл Бабаева сунушталып жаткан долбоор менен эч кандай реформа болбосун жана учурдун талабына жооп берген жаӊы мыйзам керектигин билдирди.
— Биз бул мыйзам менен реформа кыла албайбыз. Мурунку союз убагындагы «профсоюздун» мыйзамына алып барып жатабыз. Бизде кемчиликтер бар экенин, кыймылсыз мүлктөр жөнүндө айтылып жаткан сындарды кабыл алабыз. Учурда «Кесиптик кошуундар жөнүндө» мыйзам долбоорун талкуулап жатабыз. Биз эл аралык профсоюздар конфедерациясына демократиялык жаңылануу болгон үчүн кошула алганбыз. Сунушталып жаткан мыйзам менен кесиптик кошуундарды жок кылып алабыз.
Ал эми депутаттар кесиптик кошуундарда, айрыкча, анын борбордук кеңсесинде башаламандык өкүм сүрүп, жетекчилери өз билгенин жасап калгандыктан, мүлктөрүнүн көбү мыйзамсыз сатылып кеткенин, азыр дагы четинен сатылып жатканын белгилешти. Кесиптик кошуундардагы чогулган акчаны уурдоо жана каалагандай чачуу фактылары кеӊири орун алганы тууралуу да айтылды.
Депутат Улукбек Ормонов кесиптик кошуундардын карамагындагы жерлер менен мүлктөр жеӊ ичинен сатылып жатканын билдирди.
— Кесиптик кошуундун мүлкү анын азыркы жетекчилеринин жеке менчиги эмес, ал жалпы элдин каражатынан куралган. Жерлер каалагандай сатылган. Менимче, мыйзамды дагы катуулатуу керек. Мүлк толугу менен мамлекеттин карамагына алынып, анан ал кесиптик кошуундардын убактылуу башкаруусуна берилүүгө тийиш. Ошондо тартип орнойт.
Эл өкүлү Руслан Казакбаев мыйзам долбоору боюнча көптөгөн талаш-тартыш маселе жаралгандыктан, өлкө боюнча кесиптик кошуунга тиешелүү мүлктөр менен каражаттардын ачык-айкындыгын камсыздоо үчүн, Коррупцияга каршы күрөш боюнча кызматка иликтөө тапшырмасын берүүнү сунуш кылды.
— Мен сунуштайт элем, АКСке (Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы) тапшырма берели. Биздин профсоюздардын акчаларын, имараттарын бир айдын ичинде текшерип, парламентке келсин.
«Профсоюздардын ишмердүүлүгү боюнча маалыматтар ачык-айкын болбогондуктан, ич ара тирешүү, чыӊалуу болуп жатат», — деген депутат Иса Өмүркулов «Достук» мейманканасы, «Кызыл гвоздика» балдар лагери сыяктуу жайлардын бүгүнкү күндөгү юридикалык абалына кызыкты. Профсоюздар уюмунун өкүлдөрүнүн так эмес, бүдөмүк жооптору эл өкүлдөрүн канааттандырган жок. Депутаттар аталган эки жайдын бири толугу менен сатылып, экинчисинин 46% сатылгандыгын тактап беришти.