Биз менен байланышыңыз

«Кесиптик кошуундар жөнүндө» мыйзамга вето коюу талап кылынууда

Саясат | 5 Апр 2021 | 2293 | 0

Бүгүн, 5-апрелде Өкмөт үйүнүн алдында Кыргызстандагы кесиптик кошуун уюмунун кызматкерлери тынчтык митинг өткөрүштү. Алар Жогорку Кеңештин 31-марттагы жыйынында III окууда кабыл алынып, президенттин кароосуна жиберилген «Кесиптик кошуундар жөнүндө» мыйзамга өзгөртүү киргизилген жаңы долбоорго нааразылыгын билдиришти. Кесиптик кошуундун өкүлдөрү бул мыйзам долбоору толук ишке кирсе, профсоюз уюмунун ишин аксатып, өз миссиясын жетиштүү деңгээлде аткара албай каларын белгилөөдө. Курулуш өнөр жайынын кесиптик кошуунунун төрагасы Элдияр Карачалов аталган мыйзам долбоорун кабыл алууда регламент толук сакталбаганын айтат.

«Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо комитетинде каралып жатканда кворум болгон жок. Жеринде 2 депутат кабыл алып койду. Алар: «Ишеним каттар бар болчу», — деп жатышат. Мыйзамга ишеним кат менен добуш бергенге болбойт. 5-ноябрда мыйзам долбоору экинчи окууда каралып жатканда вице-спикер Аида Касымалиева кворум болгон эмес деп айтып чыккан», — дейт Элдияр Карачалов.

Буга чейин уюмдагы ар бир тармактын жетекчисин федерациянын алдындагы президиумдун 29 мүчөсү дайындаса, ишке кирүү алдында турган мыйзам боюнча уюмдагы тармактардын башчыларын профсоюздун төрагасы өзү түз дайындайт. Профсоюзчулар бул жол менен уюмда жакындарын ишке орноштуруп, туугандык башкаруу күчөй турганын белгилейт. «Кумтөр Голд Компани» компаниясынын кесиптик кошуунунун жетекчиси Калысбек Рыспаев башкарууну жана дайындоону бир жетекчиге өткөрүп берүү менен уюм эмгекчилердин укугун жеткиликтүү коргой албай каларын белгилейт.

«Муну менен уюмда кызматтык иерархия пайда болот. Төрага бардык тармактык кошуундардын жетекчилерин өзү дайындайт. Мисалы, белгилүү бир тармакта ким кандай иш алып барышын андагы жумушчулар гана билет. Тармакта кандай көйгөйлөр бар, канткенде иш алдыга жылат, кимди алып келгенде жылат, аны Бишкекте отурган жетекчи билбейт. Төрага өзүнө жаккан, өзүнүн жакынын, досун алып келбесине ким кепилдик берет?»

Калысбек Рыспаев бул жол менен профсоюздун карамагындагы мүлктөрдүн да тонолуп кетүүсү мүмкүн деген кооптонуусун кошумчалады.

«Уюмдун карамагында эс алуучу жайлар, санаториялар, курорттор бар. Анын баары бир кишинин колунда болуп калганы да туура эмес. Ар түрдүү аракеттерге барбоосуна ким кепилдик бере алат? Коллегиалдык орган болгондон кийин, жамаат өзү көзөмөлдөшү керек. Аны өнүктүрүү жагын кароо керек», — дейт Калысбек Рыспаев.

Кесиптик кошуундар федерациясынын курамына 20 тармактык, алты аймактык кошуун кирет. Мындан тышкары анда уюмдун төрагалыгына жана тармактык кошуундардын башчылыгына 35 жаштан 65 жашка чейинкилер гана дайындалат деген ченем киргизилген.  Курулуш өнөр жайынын кесиптик кошуунунун төрагасы Элдияр Карачалов бул адамдардын Конституцияда кепилденген укуктарын чектөө экенин айтат.

«Мен студент кезимден бери профсоюздун мүчөсүмүн. Киргизилип жаткан азыркы мыйзамда жаштардын, пенсионерлердин укугун чектеп коюп жатат. Конституциянын 16-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, бир да жаран жашы, дини, жынысы боюнча кодулоого кабылбашы керек. Булар түздөн-түз коомдук уюмга 35 жаштан 65 жашка чейин деп чектөө коюп жатат».

Ал эми мыйзамдын демилгечилеринин пикиринде, профсоюздар уюмунда акыркы жылдары мүлккө байланыштуу нааразылыктар, каражат бөлүштүрүүдө ишенбөөчүлүк жаралган. Андыктан тармакты реформа кылып, анда ачык-айкындыкты камсыз кылуу зарыл. Эмгек кошуундарынын өкүлдөрү айтып жаткан «эркиндикти чектейт» деген өңдүү дооматтар суу кечпейт.

Жалпысынан 100гө чукул катышуучу президенттин кароосунда турган мыйзам долбооруна өлкө башчысынын вето коюусун, же кайра кароого жиберүүсүн талап кылышты.

Буга чейин мыйзам биринчи, экинчи окууда каралып жаткан учурда, бир катар эл аралык уюмдар Кыргызстандын парламентин «Кесиптик кошуундар жөнүндө» мыйзам боюнча жаңы долбоорду артка чакыртып алууга үндөшкөн. «Human Rights Watch» эл аралык укук коргоо уюму, Бириккен Улуттар Уюмунун жана Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун өкүлдөрү да мыйзам долбооруна каршы пикирин билдиришкен.

Кесиптик кошуун — өз ишмердиги боюнча жумуш берүүчү тарапка жана мамлекеттик бийлик органдарына баш ийбеген, эмгекчилердин укугун коргогон көз каранды эмес бирикме. Кесиптик кошуундардын каржылык ишмердигин Эсеп палатасы жылына бир жолу текшерет. Кээ бир маалыматтар боюнча, бирикменин жалпы бюджети 1 млрд сомдон ашат.

Copyright © 2017 Maral FM