Биз менен байланышыңыз

Осакадагы Путин менен Трамптын жолугушуусу (сүрөт)

Дүйнө , Кыска кабар | 28 Июн 2019 | 512 | 0

Орусиянын президенти Владимир Путин жана АКШ президенти Дональд Трамптын Осакадагы «Чоң-20» саммитинин алкагындагы толук форматтагы жолугушуусу өттү. Эки өлкөнүн лидерлери болжолдонгондон да көп убакытка маек курушуп, Иран, Сирия, Венесуэла жана Украинадагы акыркы абалды талкуулашканын РИА Новости агенттиги жазды.

Владимир Путин менен Доналд Трамптын жолугушуусу «Чоң-20» саммитинин биринчи жумушчу жыйынан кийин өткөрүлдү.

 

Буга чейин «Чоң-20» саммитиндеги сүрөткө түшүү учурунда кыскача маектешишкен болчу.

Башында лидерлердин жолугушусуна бир саат бөлүнгөн. Бирок сүйлөшүүлөр дээрлик бир жарым саатка созулду.

Владимир Путин жана Дональд Трамп Иран, Сирия, Венесуэла жана Украинадагы акыркы абалды талкуулашып, курал-жарактарды көзөмөлдөө боюнча сүйлөшүүлөрдү улантууга макулдашышты.

Орусия тараптан жолугушууга Орусиянын Тышкы иштер министри Сергей Лавров, президенттин маалымат катчысы Дмитрий Песков, жардамчысы Юрий Ушаков жана биринчи вице-премьер, каржы министри Антон Силуанов катышты.

Ал эми Трампты АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео, Улуттук коопсуздук боюнча жардамчысы Джон Болтон, кеңешчиси Кей Хилл, Каржы министри Стив Мнучин  жана Ак үйдүн жаңы маалымат катчысы Стефан Гриш коштоп барышты.

 

 

 

Copyright © 2017 Maral FM