Биз менен байланышыңыз

Төрөбаев: Ак үйдүн тосмосун алуу зарыл

Кыска кабар , Пикирлер | 28 Июн 2019 | 1120 | 0

Бийлик ар дайым элге ачык болуп, Ак үйдүн тосмосун алуу зарыл. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Бакыт Төрөбаев «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, өкмөттүн имараты тосмосу жок ачык турса да эл алардын алдына барып митинг кылбайт. Баары президент же парламентке үнүн жеткирүү үчүн Ак үйдүн алдына келишет. Мындан улам, Ак үйдү дагы тосмосун алып, элдин үнүн угууга ачык аянтча кылуу зарыл. Ошондой эле элди кабыл алууда бардык ыкмалар колдонулса жакшы болот.

«Бийлик электрондук түрдөбү, видео кайрылуу аркылуубу, элге ачык болушу зарыл. Учурда жарандык коом активдүү. Биз алардын күчүн, активдүүлүгүн колдонушубуз керек. Тагыраагы, элдин демилгесин, күчүн колдонуу керек», — дейт Төрөбаев.

Copyright © 2017 Maral FM