Биз менен байланышыңыз

Жайкы эс алууга карата Ысык-Көлгө кандай авиакаттамдар ачылат?

Кыска кабар | 26 Июн 2019 | 597 | 0

Ысык-Көл районуна караштуу Тамчы айылындагы «Ысык-Көл» эл аралык аэропортуна Орусиядан, Казакстандан, Өзбекстандан жана Оштон авиакаттамдар ачылды. Бул тууралуу аэропорттун маалымат катчысы Алия Курбанова билдирди.

23-июнда «Ысык-Көл» аэропортуна алгачкылардан болуп, Новосибирск шаарынан келген S7 авиакомпаниясынын учагы конду. Эми ал жайкы туристтик убак бүткөнчө ар жекшемби күндөрү учуп келип турат.

Ошондой эле, 27-июнда Ташкенттин «Узбекистон хаво йуллари» компаниясынын учагы келери күтүлүүдө. Аталган каттам жумасына бир жолу бейшемби күндөрү учат.

Мындан тышкары, 28-июнда «Ысык-Көл» аэропортуна Оштон жана Алматыдан учак каттайт. «TezJet» авиакомпаниясынын учактары Ош-Ысык-Көл-Ош багыты боюнча жумасына төрт жолу: дүйшөмбү, шаршемби, жума жана жекшемби күндөрү келип-кетип турат.

Ал эми «QAZAQ Air» авиакомпаниясы Алматы — Ысык-Көл — Алматы багыты боюнча жумасына 2 жолу: дүйшөмбү жана жума күндөрү каттайт.

 

Copyright © 2017 Maral FM