Биз менен байланышыңыз

«Манас» аэропортунун кызматкерлери жумуштан кетпейт жана окууга да барбайт

Коом | 15 Окт 2019 | 542 | 0

14-октябрда «Манас» эл аралык аэропортуна караштуу «Манас Менеджмент» туунду компаниясынын кызматкерлери нааразычылык акциясын өткөрүштү. Алардын мындай кадамга баруусуна аэропорттун жетекчилиги үч айлык окууга мажбурлап жөнөтүп жатканы, мына ошол үч айда акы төлөнбөгөн эс алууга чыгууга талап кылганы себеп болгонун айтышкан. Кызматкерлер: «Окууга шылтоо кылып, биздин ордубузга башка кызматкерлерди алып келип жатат», — дешет.

Аэропорттогу митинг боюнча

Опубликовано Тынчы Атбашингтони Понедельник, 14 октября 2019 г.

Митингге чыккан кызматкерлердин нааразычылыгын жеринен чагылдыруу үчүн барган журналист Тынчтык Алтымышев жетекчилик тараптан да маалымат алуу максатында «Манас Менеджмент» компаниясынын күзөт кызматынын жетекчиси Талант Таировго байланышууга аракет кылган. Бирок Таиров журналисттерге жооп берүүдөн баш тарткан.

— Келип түшкөн маалыматтын негизинде аэропортко барсак, Эл аралык «Манас» аба майданына караштуу «Манас Менеждмент» компаниясынын күзөт кызматынын 30 чакты кызматкери митинг кылып жатыптыр. Көрсө аларга жаңы начальник болгон Талант Таиров («Матрешкагейт» окуясында Текебаевдин сумкасына матрешка салып иштен кеткен, азыркы ФИНПОЛдун башчысы Бакир Таировдун иниси) чакырып алып, «Үч айга «без содержание» арыз жазып, окууга барасыңар, арызыңарды жазгыла», — дептир. Суроолорго жооп издеген кызматкерлерге да, чагылдырганы барган журналисттерге да Талант Таиров жооп берүүдөн качты.

Алия Курбанова жооп берип жатат…

Опубликовано Тынчы Атбашингтони Понедельник, 14 октября 2019 г.

Ал эми «Манас» эл аралык аэропортунун басма сөз катчысы Алия Курбанова кызматкерлер жумуштан кетпей турганын маалымдады. Болгону, Эл аралык «Манас» аэропортуна караштуу «Манас Менежмент Компаниясы» Жабык акционердик коомунун кээ бир кызматкерлерин аэропорттун Бишкек филиалындагы авиациялык коопсуздук кызматына которуу иштери жүргүзүлүп жатканын айтты. Мындан тышкары, которулган кызматкерлер штаттык тизмеге кирерин, эмгек акысы жана социалдык жеңилдиктери мурункудай эле сакталарын кошумчалады.

— Эч ким эч кимди арыз жаз деп кыйнаган жок. Эч ким жумуштан кетпейт. Бул жерде болгону кызмат алмаштыруу маселеси болуп жатат. Кызматкерлердин нааразычылыктарын толугу менен негизсиз деп айтууга болот. Ал эми 3 айлык деген окуу болгон эмес жана болбойт дагы. Окууга жиберүү үчүн каражат да бөлүнгөн эмес.

Авиация агенттигинин директору Курманбек Акышев «Манас Менеджмент» компаниясы 100 пайыз Эл аралык «Манас» аэропортуна таандык экенин билдирди. Ал авиакоопсуздук талабына ылайык, эгерде кызматкерлер Эл аралык «Манас» аэропортунун штатына өтө турган болсо, даярдоо курсунан өтүшү керектигин айтат. «Бирок окуу 3 ай эмес, 10 күндөн 1 айга чейин гана болот», — деп, буларга токтолду:

— «Манас Менеджмент» компаниясы 100 пайыз Эл аралык «Манас» аэропортуна таандык. Авиакоопсуздуктун талабына ылайык, эгер «Манас Менеджмент» мекемесинин кызматкерлери Эл аралык «Манас» аэропортунун штатына кабыл алына турган болсо, даярдоо курсунан өтүшү керек, сертификат алышы керек. Мөөнөтү 10 күндөн 1 айга чейин.

Бүгүнкү күндө Эл аралык «Манас» аэропорту Кыргызстандагы эң чоң жана кирешелүү ишкана катары өлкөнүн бюджетин түзүүчүлөрдүн бири болуп саналат. Аталган компанияга өлкөдөгү 5 эл аралык жана 6 аймактык аэропорт кирет.

Copyright © 2017 Maral FM