Биз менен байланышыңыз

«Эйр Манас» авиакомпаниясынын Ош-Бишкек багытындагы 4 учагы Оштон учкан жок

Кыска кабар | 25 Сен 2019 | 426 | 0

Бүгүн Ош эл аралык аэропортунда «Эйр Манас» авиакомпаниясынын Ош-Бишкек багыты боюнча 198, 197, 205 жана 206 каттамдары учкан жок. Бул тууралуу «Манас» эл аралык аэропортунун маалымат катчысы Алия Курбанова билдирди.

Ал өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына бул маалыматтын маанилүү экенин белгилеп, бардык маселелер боюнча ишкананын жетекчилигине кайрылуу керектигин гана айткан. Бирок учпай калуу себебин так айткан эмес.

Ал арада авиакомпаниянын жетекчилиги биздин коңгурообузга  азырынча эч кандай маалымат айта албастыгын гана маалымдашты.

Copyright © 2017 Maral FM