Биз менен байланышыңыз

Милиция: «Манас» аэропортунда унаа жарылган эмес

Кыска кабар | 20 Сен 2021 | 270 | 0

Социалдык тармактарда «Манас» аэропорту жакта унаа жарылгандыгы тууралуу таралып жаткан маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан маалымдашты.

Маалыматка ылайык, 20-сентябрда болжол менен 02:30дар чамасында Сокулук райондук нөөмөт бөлүмүнө «Манас» аэропорту жакта унаа токтотуучу жайда унаа жарылганы тууралуу маалымат түшкөн.

Милиция кызматкерлери келип, 20-сентябрда болжол менен саат 02:20лар чамасында кыска туташуудан улам «Фольксваген пассат» үлгүсүндөгү унаа өрттөнүп кеткенин аныкташкан.

Аталган факт боюнча милиция кызматкерлери унаанын ээси 1981-жылы туулган Т.А.ны сурашканда, ал унаа кыска туташуудан улам өрттөнүп кеткендиктен эч кандай дооматы жок экенин айткан.

Copyright © 2017 Maral FM