Биз менен байланышыңыз

Бишкек-Ош-Бишкек каттамдары эртең да учпайт

Кыска кабар | 10 Окт 2019 | 864 | 0

«Эйр Манас» авиакомпаниясынын Бишкек —Ош —Бишкек багыты боюнча эртең, 11-октябрга белгиленген 3 каттамы учпайт. Бул тууралуу Транспорт жана жолдор министрлигинин алдындагы Жарандык авиация агенттиги билдирди.

Маалыматка ылайык, «Pegasus» авиакомпаниясынын кампасында тиешелүү техникалар жок болгондуктан, аталган тетиктер АКШдагы «Боинг» заводунан алынып келинүүсү керек жана техникалык мүчүлүштүктөрдү оңдоо көп убакытты талап кылат.

«Эйр Манас» авиакомпаниясы аталган каттамдарга билет алган ар бир жарандын телефонуна каттамдардын учпай калышы боюнча СМС билдирүү жиберет.

Билет ээлери авиациялык эрежеге ылайык, билеттерин алмаштырса, же каражаттарын толук кайтарып алса болот.

Эске салсак, 9-10-октябрда техникалык себептерден улам «Манас» жана «Ош» эл аралык аэропортторунда бул каттамдар учкан эмес. Ага техникалык мүчүлүштүктөр себеп болгону айтылган.

Copyright © 2017 Maral FM