Биз менен байланышыңыз

«Эйр Манастын» каттамдары бүгүн да учпайт

Кыска кабар | 10 Окт 2019 | 646 | 0

«Эйр Манас» авиакомпаниясынын Бишкек —Ош —Бишкек багыты боюнча бүгүн, 10-октябрга белгиленген каттамдары учпайт. Бул тууралуу Транспорт жана жолдор министрлигинин алдындагы Жарандык авиация агенттиги билдирди.

Бул каттамга билет алгандар авиациялык эрежеге ылайык, билеттерин алмаштырса, же каражаттарын толук кайтарып алса болот.

Эске салсак, кечээ да техникалык себептерден улам «Манас» жана «Ош» эл аралык аэропортторунда бул каттамдар учкан эмес. Ага техникалык мүчүлүштүктөр себеп болгону айтылган.


«Эйр Манастын» «Бишкек-Ош» жана «Ош-Бишкек» багытындагы каттамдары учпай калды


Copyright © 2017 Maral FM