Биз менен байланышыңыз

«Эйр Манастын» «Бишкек-Ош» жана «Ош-Бишкек» багытындагы каттамдары учпай калды

Кыска кабар | 9 Окт 2019 | 547 | 0

Бүгүн, 9-октябрда техникалык себептерден улам «Манас» жана «Ош» эл аралык аэропортторунда «Эйр Манас» авиакомпаниясынын «Бишкек-Ош» жана «Ош-Бишкек» багыты боюнча бардык каттамдарынын учуу убактылары жылдырылды. Себептер ачыкталган эмес.

Бул тууралуу «Манас» Эл аралык аэропортунун маалымат катчысы Алия Курбанова билдирди.

Токтотулган каттамдар:

193-каттам Бишкек-Ош, убактысы — 7:35
194-каттам Ош-Бишкек, убактысы — 9:50
197-каттам Бишкек-Ош, убактысы 12:00
198-каттам Ош-Бишкек, убактысы — 13:50
205- каттам Бишкек-Ош, убактысы — 16:00
206-каттам Ош-Бишкек, убактысы — 18:10

Учуулардын убактысы боюнча «Эйр Манас» авиакомпаниясынын өкүлдөрүнө 0770781391 уюлдук телефону аркылуу кайрылууга болорун Алия Курбанова кошумчалайт.

Copyright © 2017 Maral FM