Биз менен байланышыңыз

Аба каттамдагы көйгөй: Үмүт орусиялык компанияда

Коом | 10 Окт 2019 | 647 | 0

Эки күндөн бери «Эйр Манас» авиакомпаниясынын каттамдары учпай, коомчулук социалдык баракчаларга нааразычылыктарын байма-бай билдирип жатышат. «Манас» эл аралык аэропортунун басма сөз катчысы Алия Курбанова Бишкек-Ош-Бишкек каттамындагы учактар 10-11-октябрда да учпай турганын маалымдады.

— «Эйр Манас» авиакомпаниясы бүгүн, 10-октябрда Бишкек-Ош жана Ош-Бишкек багыты боюнча алты каттамдын учуу убактыларын техникалык себептерден улам жылдырды. Калган каттамдар ырааты менен аткарылат.

____________________________________________________________________________________________________________________________________

Бишкек-Ош-Бишкек каттамдары эртең да учпайт

_____________________________________________________________________________________________________________________________________

«Пегасус» авиакомпаниясынын акциясы орусиялыктарга сатылган

Буга чейин, «Эйр Манас» авиакомпаниясынын 49 % акциясына ээлик кылган «Пегасус» авиакомпаниясы сатылып жатат» деген маалымат тараган. Мындан улам, эки күндөн бери каттабай жаткан учактардын себебин ушул жагдайга байланыштырган пикирлер арбын.

Акциянын сатылганы боюнча маалыматты Жарандык авиация агенттигинин директору Курманбек Акышев да ырастады. Учурда компания Юстиция министрлигинен кайрадан каттоодон өтүп жатат. Ошол эле учурда эки күндөн бери Бишкек-Ош-Бишкек авиакаттамынын учпай жатканына компаниянын акциясынын сатылышынын тиешеси жок экенин билдирип, эл аралык учак бирөө болуп, ал дагы техникалык себептерден улам уча албай жатканын жүйө келтирди.

— Мен аталган компаниянын жетекчилигин Транспорт жана жолдор министринин кабыл алуусуна киргиздим. Ал жерден алар планын айтып беришип, жакынкы күндөрү ички каттамга учуучу «Boeing» системасындагы 2 учак алып келүүгө убада беришти. Ошондо өздөрүндөгү бир учак, жалпысынан 5 учак болуп, аталган компаниянын акыбалы бир кыйла жакшырат. Бул — жарым жыл ичинде эле ишке аша турган план. «Пегасус» авиакомпаниясы акциясын сатып жатканда эл аралык каттамдарга учуучу учактарын алып кетип калышкан. Бизде бир эле учак калган. Ал да бүгүнкү күндө бузулуп жатат. Эч кандай ортодо саясий кырдаал болбой эле. Болгону тетиктери табылбай, Америкадан алдырып жатышат. Сатып алган орусиялык компанияны Англия каржылайт. Эгерде дагы 2 учак келип кала турган болсо, азыркыдай жагдай катталбасына ишенем.

____________________________________________________________________________________________________________________________________

Акышев: «Пегасус» «Эйр Манастагы» үлүшүн орусиялык компанияга сатат

_____________________________________________________________________________________________________________________________________

«Эйр Манас» менен «Пегасус» авикаттамдары биринчи эле жолу токтоп жаткан жок

Бишкекте эки күн катары менен чет өлкөлүк бизнес компаниялардын катышуусунда ири бизнес-форум өтмөк. Буга Ош шаарынан да ишкерлер келмек. Бирок каттамдын учпай калганынан улам көпчүлүгү келе албай калганын JIA Бизнес ассоциациясынын Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнүн аткаруучу директору Аззамбек Жээнбай уулу билдирди. Ал «Пегасус» авиакаттамы бир эле жолу эмес, буга чейин да мындай көрүнүштөрдү кайталап келгенин айтып, нааразы.

— Борбордо БИФ эл аралык форуму башталды. Буга биздин Оштогу 70тей ишкер катышмак. Бирок «Эйр Манас» компаниясынын кесепетинен биз жактан ондон ашуун бизнесмен келе албай калды. Же учактын учпай турганын эрте айтып коюшпайт. Мындай жагдай бир эле жолу катталып жаткан жок. «Пегасус» менен «Эйр Манастын» учактары көп эле жолу учпай калат. Элди ойлош керек да.

Бул көйгөйдү чечүү үчүн жаңы мыйзам долбоорун сунуштайлы деп жатабыз…

Жогорку Кеңеш буга чейин «Ачык асман» долбоорун  колдоп, добуш беришкен. Аны Президент да колдогон. Долбоорго ылайык, бардык учакка Кыргызстандын аба мейкиндиги аркылуу эркин каттоосуна мүмкүнчүлүк берилген. Депутат Марлен Маматалиев: «Учактар үчүн салыктарды жеңилдетүү мыйзамын кабыл алса, жогоруда айтылган көйгөйлөр катталмак эмес», — деп, бузулуп калган самолет бир эле күндө оңоло каларына ишенбесин билдирди.

— Биз «Ачык асман» долбоорун колдоп берип жатканда эле бир катар көйгөйлөр бар экенин билгенбиз. Ал каттамдар каттай баштаганда бири-бирине болгон атаандаштык аркылуу каттамдардын суммасы түшүп же көтөрүлмөк. Ал эми учурда каттамдардын каттабай жатканын чечүү үчүн жаңы мыйзам сунуштап жатабыз. Ал — авиакаттамдардан салыктарды алып салуу же азайтуу. Бул маселеден улам да учактарда каттамдарга болгон көйгөйлөр жаралат. Мен атайын Транспорт жана жолдор министрлигине байланышканымда, «Техника бүгүн келди. Эртең учак каттайт», — дешти. Бирок мен ишенбейм. Кантип эле учак бир күндө оңоло калсын.

Белгилей кетсек, буга чейин «Эйр Манас» авиакаттамы техникалык себептерден улам 25-сентябрда да Бишкек-Ош-Бишкек багыты боюнча каттамдарын токтоткон. Мындай жагдай аталган ишканада биринчи эле жолу катталып жаткан жок.

«Эйр Манас» Бишкек-Ош каттамын токтотту

Copyright © 2017 Maral FM