Биз менен байланышыңыз

Акышев: «Пегасус» «Эйр Манастагы» үлүшүн орусиялык компанияга сатат

Кыска кабар , Пикирлер | 2 Окт 2019 | 550 | 0

«Пегасус» авиакомпаниясы өзүнүн «Эйр Манас» компаниясындагы үлүшүн орусиялык компанияга сатат. Бул Кыргызстандагы учууларды үзгүлтүккө учуратпайт. Тескерисинче, ички каттамдар жакшырат. Бул тууралуу Жарандык авиация агенттигинин директору Курманбек Акышев «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, Тышкы иштер министрлиги аркылуу жаңы ишке кирген аэропорттор боюнча башка мамлекеттерге, эл аралык авиация органдарына билдирүү берилип жатат.

«Бизде өкүлчүлүктөрү бар авиакомпаниялар менен жолугушуулар өткөрүлүп, иштер алынып барылууда. Орусия, Тажикстан, Түркмөнстандын компаниялары бизге чыгып жатышат. Алардын сунуштары каралууда», — дейт Акышев.

Ал буга кошумча, учак билеттеринин баалары атаандаштыктан көз каранды экенин белгиледи.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM