Биз менен байланышыңыз

«Эйр Манас» Бишкек-Ош каттамын токтотту

Кыска кабар | 18 Янв 2019 | 1252 | 0

«Эйр Манас» авиакомпаниясы техникалык себептерден улам Бишкек — Ош – Бишкек каттамын токтотту. “ Манас” аэропортунун маалыматтык таблолорунда ZM 193  жана ZM194, ошондой эле ZM197 жана  ZM198 каттамдары токтотулганын көрүүгө болот.

Токтотулган рейстин жүргүнчүлөрү билеттерин башка рейстерге алмаштырып же акчаларын толук түрдө кайтарып алса болот.

Бирок, бүгүн айрым жүргүнчүлөр «Маралга» кайрылып, «Эйр Манас» авиакомпаниясынын жетекчилиги кардарларга тандалма мамиле кылып жатат деп нааразы болушкан. Алар бүгүн 18-январда таңкы саат 7де «Эйр Манас» авиакомпаниясынын учагы менен Бишкектен-Ошко учушмак. Бирок аэропортко барышканда компания учактын техникалык абалынан улам рейс токтотулганын кабарлаган. Жүргүнчүлөргө рейс токтотулганы тууралуу алдын ала-ала кабар берилген эмес. Ошондой эле алар үч сааттай күтүп, кайра үйлөрүнө кетишкен.

Мындан тышкары, рейс учпай калганда авиабилетти кайтарууда төлөмдүн 30%ын авиакомпания алып калып жатканына даттанып, бул мыйзамга каршы келерин белгилеген.

«Мен азыр келип авиакассага «Эйр Манастын» рейстерине алган билетти кайтардым. Алар авиакомпания акчанын 30%ын алып калат дегенинен, тааныштар аркылуу «Эйр Манаска» чалып, 30%ды эмне максатта алып каларын тактадым. Көрсө авиакомпания ишке аша элек рейстери үчүн кайтарылган билеттин акчасынын 30%ын алып калуусу мыйзамга каршы келет экен. Мен ызы-чуу чыгарганда гана мага авиакомпания билеттердин баасын толугу менен кайтарды» — деп айткан жүргүнчү.

 

Жүргүнчү: «Эйр Манас» авиакомпаниясы кардарларына кам көрбөйт

Copyright © 2017 Maral FM