Биз менен байланышыңыз

Жүргүнчү: «Эйр Манас» авиакомпаниясы кардарларына кам көрбөйт

Кыска кабар | 18 Янв 2019 | 902 | 0

«Эйр Манас» авиакомпаниясынын жетекчилиги кардарларга тандалма мамиле кылганына жүргүнчүлөр нааразы. Мындай маалыматты аталган авиакомпаниянын билетин сатып алган кардар Жазгүл Сабырова «Марал радиосуна билдирди.

Сабырованын айтымында, бүгүн 18-январда таңкы саат 7де  «Эйр Манас» авиакомпаниясынын учагы менен Бишкектен-Ошко учмак. Бирок аэропортко барганда аталган компания учактын техникалык абалынан улам рейс токтотулганын кабарлаган. «Бизге рейс учпай калганын аба майданга жеткенде айтышты. Эмнеге кардарларыңарга алдын ала билдирүү жөнөткөн жоксуңар?-деген суроого жооп беришкен жок. Анда бизди башка учак менен болсо да жөнөткүлө деген талап койсок, авиакомпания жетекчилиги бул маселени чечпейт деген жооп уктук. Жок дегенде биздин шаарга кайра кетээрибизге транспорт уюштуруп бергиле десек, үч саат күттүрүп, аны да жасаган жок. Аягында жүргүнчүлөр ар кими өз каражаты менен үйлөрүнө кайтып кетишти»-деп билдирет Сабырова.

Мындан сырткары, жогоруда айтылган рейс боюнча уча турган чиновникке алдын ала кабар берилип, аны «Тезжет» авиакомпаниясы менен жөнөтүшкөн. «Бул жерде «Эйр Манас» жүргүнчүлөргө тандалма мамиле жасаганы көрүнүп калды. Алар чиновниктерге өзгөчө мамиле жасап, ал эми ошол жердеги карылар, жаш балалуулар үч саат күткөнү үчүн эч кандай компенсация төлөгөн жок»-деп кошумчалайт Сабырова.

Ошондой эле жогоруда аты аталган жүргүнчү рейстер учпай калганда авиабилетти кайтарууда төлөмдүн 30%ын алып калуу да мыйзамга каршы экенин белгилейт. «Мен азыр келип авиакассага «Эйр Манастын» рейстерине алган билетти кайтардым. Алар авиакомпания 30%ын алып калат дегенинен, тааныштар аркылуу «Эйр Манаска» чалып, 30%ды эмне максатта алып каларын тактадым. Көрсө авиакомпания ишке аша элек рейстери үчүн кайтарылган билеттин 30%ын алып калуусу мыйзамга каршы келери белгилүү болду жана мага авиакомпания билеттердин баасын толугу менен кайтарды. Дайыма өз укугуңарды билип, акырына чейин тактабасаңар, мындай авиакомпаниялар мыйзамсыз түрдө элдердин акчасын өздөрүнө чегере беришет»-деген маалыматтарын да кошумчалап өткөн.

Белгилей кетсек, «Эйр Манас» авиакомпаниясы өзүнүн расмий сайтында каттамдар кармалып калган учурда авиакомпаниянын милдеттери катары төмөнкүлөрдү жазган:

 

Copyright © 2017 Maral FM