Биз менен байланышыңыз

Үмөталиев: Каттамдагы көйгөйгө «Ачык асмандын» иштебегени себеп

Күн чекит | 10 Окт 2019 | 988 | 0

«Эйр Манас» авиакомпаниясынын Бишкек-Ош-Бишкек багыты боюнча каттамдары эки күндөн бери үзгүлтүккө учуроодо. Жарандык авиация агенттиги буга техникалык гана мүчүлүштүк себеп болуп жатат деп түшүндүрүүдө. Ошондой эле, «Эйр Манас» авиакомпаниясынын акциясы орусиялык компанияга сатылары кабарланды. Каттамдардын токтотулушу жүргүнчүлөрдүн нааразылыгын жаратууда. Экономист Эмил Үмөталиев «Күн чекит» программасында бул темада маек курду.

Марал: — «Эйр Манастын» учуу каттамдарынын токтотулушуна техникалык себептен башка дагы жагдайлар болушу мүмкүнбү?

Эмил Үмөталиев: — Бул жагдай мага да түшүнүксүз болуп жатат, маалыматтар аз. Компаниянын жетекчилиги жетиштүү жүйө айта элек. Биз дагы сырттан эле карап, билбей турабыз.

Бирок бир нерсени ачык айтса болот. Бул жерде атаандаштыктын жоктугунан башка учактардын биздин аба жолдорунда теңтайлашып учуу мүмкүнчүлүгү аз. Ошол себептен биздин үмүтүбүз саналуу гана учактарда болуп жатат. Бул тескерисинче, алардын жоопкерчилигин  төмөндөтөт. Ошондуктан пайда көрүүчү жүргүнчүлөргө, жергиликтүү экономикага атаандашуунун көбөйгөнү жардам берет.

Марал: — «Ачык асман» долбоору кабыл алынганы менен анын жемиштери жергиликтүү каттамдарда байкалбай жатканына эмне тоскоолдуктар бар деп ойлойсуз?

Эмил Үмөталиев: — «Ачык асман» долбоору башка учактардын биздин аба жолдор аркылуу учуусуна жол ачмак. Бирок ал долбоордун аягына чейин иштелип чыкканы, учурда кайсы этапта ишке ашып жатканы белгисиз. Президенттин буйругун Өкмөт жаздын аягына чейин аткара элек болчу. Кабыл алынган документтин негизинде план түзүлгөн, азыр ошол план кимдин колунда? Кайсы беренелери аткарылып бүттү? Балким кайсы бир беренеси токтоп калды? Мунун баары ачык эмес.

Албетте, ага убакыт керек экенин түшүнүп жатабыз, бирок ошол долбоордун ишке ашуусу кайсы этапта экенин билбей, көзөмөлдөөгө маалыматыбыз жетпей турат.

Марал: — Учурда Жарандык авиация агенттиги Орусиядан эки учак сатылып алынат деп кабарлады. Бул биздеги кырдаалды чечеби?

Эмил Үмөталиев: — Муну тереңирээк изилдебей туруп, так пикир айта албайм. Бирок эки учакты сатып алуу же албоо, биздеги көйгөйдү чечпейт. Негизги маселе «Ачык асман» саясатын иштетүүдө. Эгерде баарына бирдей, эркин шарт түзүлсө, маселени атаандаштык чечет.

Copyright © 2017 Maral FM