Биз менен байланышыңыз

«Пегасус» Кыргызстандагы акциясын сатты

Кыска кабар | 10 Окт 2019 | 860 | 0

«Эйр Манас» авиакомпаниясы менен бирге иштеген «Пегасус» авиакомпаниясынын акциясы орусиялык компанияга сатылды. Учурда компания Юстиция министрлигинен кайрадан каттоодон өтүп жатышат. Бул тууралуу «Маралга» Авиация агенттигинин директору Курманбек Акышев билдирди.

Анын айтымында, орусиялык компания эл аралык каттамдарды тейлөөчү «Boeing» үлгүсүндөгү жана ички каттамга учуучу 2 учак алып келүүнү убада беришкен.

«Мен аталган компаниянын жетекчилигин Транспорт жана жолдор министринин кабыл алуусуна киргиздим. Ал жерден алар планын айтып беришип, жакынкы күндөрү «Boeing» системасындагы жана ички каттамга учуучу 2 учак алып келүүнү убада беришкен. Ошондо өздөрүндөгү бир учак, жалпысынан 5 учак болуп, аталган компаниянын ахыбалы бир кыйла жакшырат. Бул жарым жыл ичинде эле ишке аша турган план», — деди Авиация агенттигинин директору Курманбек Акышев.

Copyright © 2017 Maral FM