Биз менен байланышыңыз

ИИМ: Жапар Эрматов үй камагына бошотулгандыгы чындыкка дал келбейт

Кыска кабар | 24 Июн 2019 | 403 | 0

Нарын шаардык сотунун мурдагы соту Жапар Эрматов үй камагына бошотулду деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Маалйматка ылайык, Азиз Батукаевди мыйзамсыз эркиндикке чыгаруу боюнча кылмыш ишин сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, Нарын шаардык сотунун мурдагы соту Жапар Эрматов ИИМдин Тергөө кызматына жеткирилип, суракка алынган.

Сот тарабынан 2 айга тергөө абагына камакка алуу чечими чыккан. Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында тиешелүү тергөө иш-аракеттери жүрүп жатат.

Эске салсак, буга чейин айрым маалымат булактарында үй камагына чыгарылды деген маалымат тараган болчу.

Copyright © 2017 Maral FM