Биз менен байланышыңыз

Футбол. Америка Кубогу: Аргентина чейрек финалга чыкты

Кыска кабар , Спорт | 24 Июн 2019 | 556 | 0

Бразилияда өтүп жаткан Америка Кубогу-2019 мелдешинде Аргентина курамасы тайпалык турдун соңку оюнунда Катар курамасын 2:0 эсебинде утуп алышты.

Беттештин 4-мүнөтүндө Мартинес ал эми 82-мүнөтүндө Агуэронун голу Аргентина курамасын чейрек финалга алып чыкты.

Аргентинанын капитаны Лионель Месси беттешке комментарий берди.

“Аргентина курамасы мыкты беттеш өткөрүп, жеңишке жетти. Бизге команда ишенимин бекемдөө үчүн ушундай оюн, жыйынтык зарыл болчу. Биз оюнубузду улам жакшыртууга тийишпиз”, — деп белгилеген.

Ал эми тайпадагы Колумбия командасы Парагвай курамасын утуп алды.

Учурда мелдештин плей-офф этабында ойноочу 8 команданын жетөөсү аныкталды — Колумбия, Чили, Бразилия, Венесуэла, Аргентина, Перу жана Уругвай.

Copyright © 2017 Maral FM