Биз менен байланышыңыз

Футбол. Америка Кубогу: Чили-Эквадор 2:1

Кыска кабар , Спорт | 22 Июн 2019 | 447 | 0

Бразилияда өтүп жаткан Америка Кубогу-2019 мелдешинде Чили курамасы Эквадор командасын 2:1 эсебинде утуп, мөөнөтүнөн мурда мелдештин чейрек финалына чыкты.

Чили-Эквадор курамаларынын беттеши мелдештин тайпалык этабынын экинчи турунун акыркы оюну бүгүнкүгө караган түнү болду.

Америка Кубогунун учурдагы чемпиону Чили Хосе Фуэнсалиданын күчү менен эсеп ачты. Эквадорлук Эннер Валенсия 11 метрлик айып тобун киргизип,эсепти теңеди.

Чилинин лидери Алексис Санчес гол киргизип, командасы жеңишти илип кетти.

Copyright © 2017 Maral FM