Биз менен байланышыңыз

Футбол. Америка Кубогу: Уругвай – Жапония 2:2

Кыска кабар , Спорт | 21 Июн 2019 | 484 | 0

Бразилияда өтүп жаткан Америка Кубогу-2019 мелдешинде Уругвай курамасы тайпалык этаптын экинчи турунда Жапония командасын ута алган жок. Эсеп 2:2 тең чыгуу болду.

Уругвайлыктар аталган мелдештин фавориттеринин бири болуп саналат. Оюндун жүрүшүндө жапон футболчулары эки ирет алдыга чыгып, уругвайлыктар эки жолу эсепти теңеди.

Экинчи турдун жыйынтыгы менен Уругвайда 4 упай, Жапонияда 1 упай бар.

Америка Кубогу-2019 мелдешинин тайпалык этабынын акыркы беттеши 22-июнда болуп, анда Чили менен Эквадор кез келет.

Copyright © 2017 Maral FM