Биз менен байланышыңыз

Рустамовдун АФК Кубогундагы мыкты голу [видео]

Кыска кабар , Спорт | 20 Июн 2019 | 489 | 0

Футбол боюнча Кыргызстандын улуттук курамасынын жарым коргоочусу Турсунали Рустамов Азия Футбол Конфедерациясынын (АФК) Кубогундагы алгачкы голун киргизди.

Бул тууралуу өлкөнүн Футбол федерациясынан билдирди.

Мелдештин тайпалык этабынын бешинчи турунда Рустамов ойногон Тажикстандын «Худжанд» клубу өз талаасында кечээ дагы бир жергиликтүү «Истиклол» клубун кабыл алган.

Беттештин 40-мүнөтүндө кыргызстандык футболчу Турсунали Рустамов оң капталдан топ алып, бир коргоочуну алдап өтүп, алыскы бурчка тээп киргизди.

Оюндун жыйынтыгында «Худжанд» 3:2 эсебинде жеңишке жетишип, тайпадан чыгуу мүмкүнчүлүгүн сактап калды.

 

Copyright © 2017 Maral FM