Биз менен байланышыңыз

Турсунали Рустамов Кыргызстан — Япония беттешине ойной албайт

Кыска кабар , Спорт | 5 Ноя 2019 | 473 | 0

Футбол боюнча Кыргызстандын улуттук курама командасынын оюнчусу Турсунали Рустамов Японияга каршы оюнга чыкпайт.

Мындай кабарды Кыргызстан футбол федерациясы кабарлады.

Тажикстандын «Худжанд» футболдук клубуна ойноп жаткан улуттук кураманын жарым коргоочусу Тажикстандын Кубогу үчүн жарым финалдык оюнда жаракат алып калды.

Дарыгерлер аны бир канча апта футболдон четтеп калганын айтышкан.

Турсунали Кыргызстан курамасынын ноябрь айындагы беттештерине ойной албай калат.

Кыргызстан футбол федерациясы Турсунали тез арада сакайып, улуттук кураманын катарына кошулушун каалаганын билдирет.

Турсунали Рустамов 2018-жылдагы Азия Кубогунда Кыргызстан-Бириккен Араб Эмираттары курамаларынын 1/8 финалдагы беттешинин акыркы мүнөттөрүндө гол киргизип, эсепти теңеген футболчу катары таанымал.

Copyright © 2017 Maral FM