Биз менен байланышыңыз

АФК Кубогу: «Дордой» клубу Түркмөнстандын «Алтын Асыр» клубу менен беттешет

Кыска кабар | 19 Июн 2019 | 419 | 0

Бишкектин «Дордой» футболдук клубу АФК Кубогунун тайпалык этабынын алкагында бүгүн Ашхабадда жергиликтүү «Алтын Асыр» командасы менен беттешет.

«Д» тайпасындагы эки команданын бешинчи турдук оюну «Копетдаг» стадионунда Бишкек убактысы боюнча саат 20:00дө өтөт.

Белгилей кетсек, алгачкы беттеш Бишкек шаарында өтүп, анда 1:1 эсебинде тең чыгуу менен аяктаган.

Учурда «Дордой» 4 упай менен өз тайпасында төртүнчү орунда келатат.

АФКда тайпалык оюндардын жыйынтыгы менен биринчи орунду ээлеген команда плей-оффко ойнойт.

Copyright © 2017 Maral FM