Биз менен байланышыңыз

Футболдон КПЛнын сезону “Дордой” – “Нефтчи” беттеши менен ачылды

Кыска кабар , Спорт | 6 Мар 2020 | 466 | 0

Бүгүн, 6-мартта Кант шаарында футбол боюнча Кыргызстандын Премьер-лигасынын командаларынын арасында өлкө чемпионаты старт алды.

Сезондун ачылыш оюнунда ушул тапта өлкө чемпиону Бишкектин “Дордой” клубу менен өлкө Кубогунун жеңүүчүсү Кочкор-Ата шаарынын “Нефтчи” командасы беттешти.

Канттагы “Спорт Сити” спорттук комплексинде беттеште Бишкектин «Дордой» клубу 2:1 эсебинде утуп алды.

Copyright © 2017 Maral FM