Биз менен байланышыңыз

Футбол Кубок АФК: Бүгүн «Дордой» — «Худжанд» беттешет

Кыска кабар , Спорт | 26 Июн 2019 | 417 | 0

Бишкектин «Дордой» футболдук клубу бүгүн Азия футбол Конфедерациясынын (АФК) Кубогунун алкагында Тажикстандын «Худжанд» командасын кабыл алат.

Тайпалык этаптын 6-турундагы беттеш саат 20:00дө Дөлөн Өмүрзаков атындагы борбордук стадиондо өтөт.

Бул командалар тайпадан чыгуу мүмкүнчүлүгүнөн кол жууган.

Тайпалык этаптын экинчи турунда эки команда Тажикстанда беттешип, талаа ээлери 3:1 эсебинде уткан болчу.

Бул топто 6-турдагы дагы бир беттеш «Истиклол» – «Алтын Асыр» командаларынын ортосунда болот. Уткан команда мелдештин кийинки баскычына жолдомо алат.

Copyright © 2017 Maral FM